ФУТБОЛ АЯНТЧАЛАРЫНЫН АЧЫЛЫШЫ

Бүгүн Чон-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаш-Тилек айылындагы З.Каримбеков атындагы орто мектебинин аянтына курулган кичи футбол аянтчасынын жана Чак айылындагы “Көк-Суу” орто мектебинин аянтына курулган кичи футбол аянтчасынын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага район башчысы – аким М.Шамырканов өзү катышып, аянтчанын лентасын кесип, жамаатты куттуктады. Аким өз сөзүндө спорт – жаш муундун тарбиясында, биримдикти бекемдөөдө жана […]
МАДАНИЯТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн Чоң-Алай районунда маданият кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов, биринчи орун басары А.Абдирашитов, орун басары Б.Бакыбеков, аппарат жетекчи З.Шакиров, айыл өкмөт башчылары, мекеме жетекчилери, маданият тармагынын ардагерлери жана чыгармачыл кызматкерлер катышышты. Иш-чара райондук маданият бөлүмү мекемесинин акыркы жылдары аткарган алгылыктуу жумуштары тууралуу видео баян менен башталып, […]
ӨРМӨК ДҮЙНӨСҮ – ЧОҢ-АЛАЙ” ФЕСТИВАЛЫ

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 28 сандуу буйругуна ылайык, 2025-жылдын 31-октябрында Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы Б.Акимбеков атындагы маданият үйүндө жана А.Мамажакыпов атындагы борбордук стадиондо “Өрмөк дүйнөсү – Чоң-Алай” аттуу фестивалы болуп өттү. Аталган фестивалга жобого ылайык, Ош облусунун ар бир районунан кол өнөрчүлөр келип катышышты. Фестивалды Чоң-Алай райондук мамлекеттик […]
9 АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

Бүгүн Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында 9 айлык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын болуп өттү. Коллегиялык жыйынга райондогу айыл өкмөт башчылары, мекеме жетекчилери, мектеп директорлору, МЧББУМнын жетекчилери, айыл башчылар жана тиешелүү жетекчилер, кызматкерлер катышты. Жыйындын башында районубуздун социалдык-экономикалык абалынын өнүгүүсүнө чоң салымын кошкон атуулдарыбызга бир катар сыйлыктар тапшырылды. Аким сыйлык ээлерин куттуктоо менен бирге, […]
БОШ ЖУМУШ ОРУНДАРЫНЫН ЖАРМАНКЕСИ

Бүгүн Дароот-Коргон айылындагы Б.Акимбеков атындагы маданият үйүндө райондук деңгээлдеги бош жумуш орундарынын жарманкеси өткөрүлдү. Жарманкеге Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов биринчи орун басары А.Абдирашитов, орун басары Б.Бакыбеков, аппарат жетекчиси З.Шакиров менен бирге, айыл өкмөт башчылары, менчигинин түрүнө карабастан бардык мекеме ишканалардын жетекчилери, жумуш издеген жарандар жана социалдык контракттын катышуучулары катышты. Жарманке райондук Эмгек, социалдык […]
ӨТМӨ – ДОСТУК” КУБОГУ

2025-жылдын 25-26-октябрь күндөрү, Чоң-Алай районунда Ош облустук дене-тарбия жана спорт башкармалыгына караштуу район-шаардык балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринин тарбиялануучуларынын арасында спорттун волейбол түрү боюнча улан-кыздар ортосунда “Өтмө-Достук” кубогуна арналган облустук мелдеш болуп өттү. Район борборунда өткөн спорттук мелдештин финалдык бөлүгү жогорку деңгээлде уюштурулуп, жигердүү таймаштар менен коштолду. Финалдык оюндарды Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов орун басары […]
БҮГҮНКҮ ТЕГЕРЕК СТОЛ

Бүгүн Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында “Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоорун” ишке ашыруу боюнча тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Т.Шамырканов, биринчи орун басары А.С.Абдирашитов, жумушчу топтун курамы, ишкерлер, фермерлер, бизнес жаатында эмгектенгендер, айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөр, туризм, кол өнөрчүлүк менен иш алып баргандар жана мектеп директорлору, мектепке чейинки билим […]
ЖАҢЫ ИМАРАТТЫН АЧЫЛЫШЫ

Бүгүн Чоң-Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылыш аземи болду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Б.Турдугулов жана Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору З.Канкельдиева жана Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы А.Каныбек уулу келишти. Андан тышкары иш-чарага айыл өкмөт башчылары, мекеме ишканалардын жетекчилери, […]
АТАЙЫН МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жарандык коргонуунун 2025-жылга карата даярдык мерчемине ылайык, райондук Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун башкаруу органдары менен биргеликте “Биолого-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жаралганда жана катталган учурдагы иш-аракети” (жугуштуу оору) темасында 2025-жылдын 15-16-октябрь күндөрү атайын тактикалык машыгууну өткөрүүгө райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын башчыларына Айгай көтөрүлүп, уюштуруу усулдук көргөзмөсү жеткирилди. Машыгуунун экинчи этабында […]
КЕЗЕКТЕГИ АППАРАТТЫК ЖЫЙЫН

Бүгүн Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясында кезектеги аппараттык жыйын болуп өттү. Аппараттык жыйынга КРнын улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Чоң-Алай райондук бөлүмүнүн башчысы К.Б.Баяманов, райондун прокурору А.Б.Сыдыков, Баш-имам хатиб, айылдык кеңештин төрагалары, аймактык шайлоо комиссиянын төрагасы, айыл өкмөт башчылары, мекеме жетекчилери, мектеп директорлору, бала бакчалардын жетекчилери жана тиешелүү кызматкерлер катышты. Аппараттык жыйындын күн тартибинде төмөнкү 3 маселе […]