Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жарандык коргонуунун 2025-жылга карата даярдык мерчемине ылайык, райондук Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун башкаруу органдары менен биргеликте “Биолого-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жаралганда жана катталган учурдагы иш-аракети” (жугуштуу оору) темасында 2025-жылдын 15-16-октябрь күндөрү атайын тактикалык машыгууну өткөрүүгө райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын башчыларына Айгай көтөрүлүп, уюштуруу усулдук көргөзмөсү жеткирилди.
Машыгуунун экинчи этабында 16-октябрь күнү практикалык иш-чаралар өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө ооруну жугузуп алган жарандарды кабыл алуу, аларды жеткирүү, обочолонтуу, карантиндик пост уюштуруу иштери жүрүп, ар бир кызмат өз милдеттерин жогорку жоопкерчилик менен аткарышты.
Машыгуунун аягында жетекчилик курам тарабынан жакшы деп бааланды.
––––––––––––––––––––––––––––––+
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы






