Бүгүн Чон-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаш-Тилек айылындагы З.Каримбеков атындагы орто мектебинин аянтына курулган кичи футбол аянтчасынын жана Чак айылындагы “Көк-Суу” орто мектебинин аянтына курулган кичи футбол аянтчасынын ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага район башчысы – аким М.Шамырканов өзү катышып, аянтчанын лентасын кесип, жамаатты куттуктады. Аким өз сөзүндө спорт – жаш муундун тарбиясында, биримдикти бекемдөөдө жана ден соолукту чыңдоодо эң баалуу багыт экенин белгилеп өттү.
Жаш-Тилек айылындагы футбол аянтчасына Республикалык бюджеттен: 840 522 сом, жергиликтүү бюджеттен: 2 740 785 сом каржыланып, жалпы сметалык баасы: 3 581 303 сомду түздү.
Ал эми, Чак айылындагы футбол аянтчасына Республикалык бюджеттен: 1 478 647 сом, жергиликтүү бюджеттен: 2 100 000 сом каржыланып, жалпы сметалык баасы: 3 578 647 сомду түздү.
Аталган футбол аянтчаларынын курулушу 2024-жылы башталган.
Бул аянтчалар — жаштардын бош убактысын туура пайдаланууга, келечектеги таланттуу футболчуларды өстүрүүгө, турмуштук дени сак жашоо образын жайылтууга чоң стимул болот.
Бул долбоор үчүн Чоң-Алай айыл өкмөтүнө, долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөткөн демөөрчүлөргө жана эмгек сиңирген бардык тараптарга ыраазычылык билдиребиз.
Жаңы футбол аянтчабыз дайыма шаңга толуп, көптөгөн жеңиштердин, достук мелдештердин борборуна айлансын!
–––––––––––––––––––––––––––––––-
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы





