2025-жылдын 25-26-октябрь күндөрү, Чоң-Алай районунда Ош облустук дене-тарбия жана спорт башкармалыгына караштуу район-шаардык балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринин тарбиялануучуларынын арасында спорттун волейбол түрү боюнча улан-кыздар ортосунда “Өтмө-Достук” кубогуна арналган облустук мелдеш болуп өттү.
Район борборунда өткөн спорттук мелдештин финалдык бөлүгү жогорку деңгээлде уюштурулуп, жигердүү таймаштар менен коштолду. Финалдык оюндарды Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов орун басары Б.Бакыбеков, башкармалыктын начальниги А.Камалов жана айыл өкмөт башчылары менен көрүп олтуруп, катышуучуларга дем берип, мыкты оюн көрсөткөн спортчуларды куттуктады.
Аким өз сөзүндө спорт — коомду бириктирген, жаштардын ден соолугун чыңдап, ынтымакты бекемдеген маанилүү тармак экенин белгиледи. Ошондой эле мелдешке катышкан бардык спортчуларды жана машыктыруучуларды куттуктап, алардын аракетине жогору баа берди.
Жыйынтыгында, башкармалыктын начальниги Айбек Камаловго жана Чоң-Алай райондук БӨСМдин машыктыруучулар жамаатына Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын Ыраазычылык баракчасын тапшырды.
Жалпысынан аталган иш-чарага 249 адам (анын ичинен кыздар 92) катышты.
Спорттук иш-чара ийгиликтүү аяктап, төмөндөгү жеңүүчүлөр аныкталды жана мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен командаларга жана спортчуларга сыйлыктар тапшырылды:
Уландар арасында:
I орун Кара-Кулжа райондук БӨСМ – Кубок, медаль-диплом жана 10 000 сом;
II орун Ош шаардык АРАОБӨМ – медаль-диплом жана 7000 сом;
III орун Өзгөн райондук БӨСМ – медаль-диплом жана 5000 сом;
IV орун Кара-Суу райондук БӨСМ-3000 сом.
“Мыкты байланыштыруучу” М.Рахматтуллаев 1000 сом акчалай сыйлык жана грамота;
“Мыкты коргоочу” М.Маматоморов 1000 сом акчалай сыйлык жана грамота;
“Мыкты тосмочу” А.Кубанычбеков 1000 сом акчалай сыйлык жана грамота;
“Мыкты чабуулчу” Ж.Абдижалилов 1000 сом акчалай сыйлык жана грамота.
Кыздар арасында:
I орун Ош шаардык АРАОБӨМ – Кубок, медаль-диплом жана 10 000 сом;
II орун Чоң-Алай райондук БӨСМ – медаль-диплом жана 7000 сом;
III орун Ноокат райондук БӨСМ – медаль-диплом жана 5000 сом;
IV орун Кара-Суу райондук БӨСМ-3000 сом.
“Мыкты байланыштыруучу” А.Аязова 1000 сом акчалай сыйлык жана грамота;
“Мыкты коргоочу” К.Рустамбекова 1000 сом акчалай сыйлык жана грамота;
“Мыкты тосмочу” К.Шарапова 1000 сом акчалай сыйлык жана грамота;
“Мыкты чабуулчу” А.Абдырасулова 1000 сом акчалай сыйлык жана грамота.
Иш-чара учурунда Ош облусунун райондорунан жана Ош шаарынан келген спортчулардын коопсуздугун Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмү тыкыр көзөмөлгө алып турушту жана келген спортчуларды Чоң-Алай РИИБдин жол коопсуздук кыймылынын (ЖККнын) кызматкерлери Алай районунун аймагына чейин коштоо менен узатышты.
Мелдеш – спорт аркылуу достукту, ынтымакты жана аймактагы жаштардын активдүүлүгүн арттырууга өбөлгө болду.
Сергек жашоо — ийгиликке жетүүнүн башаты!
–––––––––––––––––––––––––––––––+
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы





