Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

ЖАҢЫ ИМАРАТТЫН АЧЫЛЫШЫ

Бүгүн Чоң-Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылыш аземи болду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Б.Турдугулов жана Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору З.Канкельдиева жана Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы А.Каныбек уулу келишти. Андан тышкары иш-чарага айыл өкмөт башчылары, мекеме ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү тургундар, архитекура башкармалыгынын ардагер кызматкерлери катышты.

Иш-чараны Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов ачып, жаңы имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, адистердин талыкпаган эмгегинин, архитекторлордун чыгармачылыгынын жана куруучулардын жоопкерчиликтүү мамилесинин жыйынтыгы экенин баса белгиледи. Ошондой эле, бул мекеме келечекте районубуздун көркүн арттырып, турак жай-коммуналдык тармактын ишин өркүндөтүүгө чоң салым кошот деген ишеничин билдирди.

Имараттын курулушуна жакындан жардам бергендери үчүн шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын эмгек жамаатына Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын Ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

Имараттын курулушуна Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен 2,7 миң сом, райондук өнүктүрүү фондунан 10 млн сом жана демөөрчүлөрдөн эсебинен да каржыланып, жалпы сметалык баасы 28 млн сомду түздү.

Жаңы имараттын эшиги дайыма эл үчүн ачык болуп, районубуздун өнүгүүсүнө кызмат кылсын!

––––––––––––––––––––

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы

Окшош билдирүүлөр

Кыргыз Республикасында санариптик инфраструктурасы бар ТЭЦ куруу боюнча МЖӨ долбооруна кол коюлду

2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имаратында «Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук

Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен ЖЭБдин энергоблогун куруу боюнча МЖӨ долбоорунун конкурсунун жеңүүчүсү жарыяланды

«Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук электр станциясын куруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорун ишке ашыруунун алкагында жеке