ЖЕКЕ МЕНЧИК МЕКТЕПТЕРГЕ ЛИЦЕНЗИЯ БЕРҮҮ АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН СИСТЕМАДА ГАНА ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

2025-жылдын 8-декабрынан тартып жеке менчик башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү программаларын ишке ашырууга лицензия алуу үчүн бардык арыздар жана документтер “Лицензиялоо” автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу гана кабыл алынат. Арыз берүү үчүн шилтеме: https://license.edu.gov.kg/ 2025-жылдын 5-декабрында саат 18:00дөн кийин кагаз түрүндөгү документтер кабыл алынбайт. Жаңы тартип санариптик трансформацияны өркүндөтүү жана лицензиялоо процессин жөнөкөйлөтүү боюнча […]
БАЗАР БААСЫН ТУРУКТУУ КАРМОО

Бүгүн, 2025-жылдын 2-декабрында Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Б.Бакыбеков тиешелүү түзүлгөн жумушчу топ менен райондун аймагында негизги азык-түлүк товарларына, анын ичинде этке болгон бааны туруктуу кармоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында Дароот-Коргон айылындагы базарда уюштурулган айыл-чарба жарманкесине катышты. Түзүлгөн жумушчу топ тарабынан ишкерлерге, район аймагында азык-түлүккө болгон бааны туруктуу кармоону негизсиз көтөрүүгө […]
БҮГҮН – ЖАРАНДЫК ПАРЗДЫ АТКАРУУ КҮНҮ

Бүгүн Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов райондук прокурор А.Сыдыков, биринчи орун басары А.Абдирашитов, орун басары Б.Бакыбеков, ошондой эле, облустан келген укук коргоо органдарынын жетекчилери, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы З.Сарыков жана тиешелүү мекеме жетекчилери менен бирге №5161 шайлоо тилкесинин ачылышына келип, жарандык парзын аткарып, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого алгачкылардан болуп, аралыктан добуш […]
ГАРНИЗОНДУК САПТЫК КАРОО

Бүгүн Дароот-Коргон айылындагы А.Мамажакыпов атындагы стадиондо шайлоо өнөктүгүнө карата укук коргоо органдарынын гарнизондук саптык кароосу өткөрүлдү. Иш чарага Чон-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары А.С.Абдирашитов, орун басары Б.Ж.Бакыбеков, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы З.К.Сарыков жана райондук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери өздүк курамы менен катышты. Чон-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары А.С.Абдирашитов шайлоо […]
“УЛУТТУК ДЕМ – ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК” УҢГУЖОЛУ

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 369 “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Жарлыгын жайылтуу жана анын маанисин терең түшүндүрүү максатында окутуу семинары болуп өттү. Семинар Дароот-Коргон айылындагы Б.Акимбеков атындагы маданият үйүндө болуп, ага Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов, орун басары Б.Бакыбеков жана райондогу айыл өкмөт башчылары, кызматкерлери, мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери, билим берүү, […]
Чоң-Алай районунда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону өткөрүүдө коопсуздукту камсыздоо боюнча жыйын өттү.

19-ноябрь күнү райондун акими М.Шамырканов, орун басарлары жана тиешелүү жетекчилер менен райондогу 18 шайлоо участкалардын шайлоого даярдыктары боюнча жеринен көрүп чыгып, бүгүн Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Т.Шамыркановдун төрагалыгы алдында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо учурунда коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоо маселелерине байланыштуу жыйын өткөрдү. Иш-чарага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош облусу […]
МЫКТЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ

Чоң- Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтү “ЭҢ МЫКТЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ” сынагында жеңүүчү болду!!! 2025-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.А. Касымалиев, Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик Кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаевдин катышуусу менен “Ынтымак Ордо” имаратында “Эң мыкты айыл өкмөтү” мамлекеттик […]
ИШ КАГАЗДАРЫН ТУУРА ТАРИЗДӨӨ

Бүгүн Б.Акимбеков атындагы маданият үйүндө Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамыркановдун жеке тапшырмасына ылайык, райондук мекеме-ишканалардын, мектептердин жана бала бакчалардын жетекчилерине, иш-кагаздарын жүргүзүүчүлөрүнө, ошондой эле жаңыдан жумушка кирген кызматкерлерге арналган атайын окуу семинары өткөрүлдү. Семинарды Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов ачып, азыркы заманда ар бир документ — жоопкерчиликти, тартипти жана ачык-айкындыкты талап кыларын, иш […]
МУСА САПАЕВДИН 80 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ

Жазуучу Муса Сапаевдин 80 жылдык мааракеси Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин конференциялык залында белгиленди. Кыргыз Республикасынын Ардактуу Аксакалы, 30дан ашык китептин автору, белгилүү жазуучу Муса Сапаевдин 80 жылдык мааракеси чоң урмат-сый менен белгиленип, ага Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Б.Бакыбеков, Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кудратиллаевдер катышып, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамыркановдун жана […]
ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН ҮНӨМДӨӨГӨ АРАКЕТТЕР

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-ноябрындагы №949-т тескемесин аткаруу максатында Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 7-ноябрындагы №О206 сандуу буйругу чыгып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана мекеме-уюмдарга аткаруу үчүн жиберилген. Ага ылайык, 2025-жылдын 13-ноябрында Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамыркановдун тапшырмасынын негизинде, акимдин биринчи орун басары А.Абдирашитов баш болуп, райондук тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда […]