Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

9 АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

Бүгүн Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында 9 айлык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын болуп өттү.

Коллегиялык жыйынга райондогу айыл өкмөт башчылары, мекеме жетекчилери, мектеп директорлору, МЧББУМнын жетекчилери, айыл башчылар жана тиешелүү жетекчилер, кызматкерлер катышты.

Жыйындын башында районубуздун социалдык-экономикалык абалынын өнүгүүсүнө чоң салымын кошкон атуулдарыбызга бир катар сыйлыктар тапшырылды. Аким сыйлык ээлерин куттуктоо менен бирге, бекем ден-соолук, иштеринде ийгилик каалап, социалдык мекемелерди куруу приоритеттүү багытыбыз экенин, таза суу, ирригация жана инфратүзүм маселелери да жүргүзүлөрүн, жыл ичинде алдыбызга коюлган милдеттерди чогуу биргеликте так аткарабыз деген ишеничин билдирди.

Коллегиялык жыйындын күн тартибинде төмөнкү 2 маселе каралды:

1. Чоң-Алай районунун социалдык – экономикалык өнүгүүсүнүн 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы жана 4-кварталына карата милдеттер;

2. 2025-жылдын 6 айында Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы коллегиялык жыйындарда кабыл алынган токтомдордун аткарылышынын абалы жөнүндө.

Күн тартибиндеги 1-маселе боюнча Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары А.Абдирашитов, ал эми, 2-маселе боюнча Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси З.Шакиров баяндама жасашты.

Бардык маселелер каралып бүткөн соң, күн тартибиндеги каралган маселелер боюнча токтом долбоору менен Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Б.Бакыбеков тааныштырып, тиешелүү мекеме жетекчилерге тапшырмалар коюлду.

Андан соң, 2025-жылдын 4-кварталына карата милдеттер менен Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов тааныштырып, айыл өкмөттөргө, мекемелерге районду туруктуу өнүктүрүү, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана жергиликтүү демилгелерди колдоо багытында бир катар сунуштарын айтып өттү.

–––––––––––––––––––––––––––––––

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы

Окшош билдирүүлөр

Кыргыз Республикасында санариптик инфраструктурасы бар ТЭЦ куруу боюнча МЖӨ долбооруна кол коюлду

2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имаратында «Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук

Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен ЖЭБдин энергоблогун куруу боюнча МЖӨ долбоорунун конкурсунун жеңүүчүсү жарыяланды

«Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук электр станциясын куруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорун ишке ашыруунун алкагында жеке