Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 28 сандуу буйругуна ылайык, 2025-жылдын 31-октябрында Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы Б.Акимбеков атындагы маданият үйүндө жана А.Мамажакыпов атындагы борбордук стадиондо “Өрмөк дүйнөсү – Чоң-Алай” аттуу фестивалы болуп өттү.
Аталган фестивалга жобого ылайык, Ош облусунун ар бир районунан кол өнөрчүлөр келип катышышты.
Фестивалды Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Б.Бакыбеков ачып, бул иш-чара улуттук кол өнөрчүлүктү жандандырып, өрмөкчүлөрдүн чеберчилигин даңазалоо аркылуу ата-бабадан калган баалуулуктарды жаш муундарга үйрөтүүдө зор мааниге ээ экенин баса белгилеп,
ар бир катышуучуга чыгармачылык ийгилик, шыктануу жана жаңы өрнөктөрдү жаратуу жагынан чексиз дем каалады.
Бул фестиваль – өрмөкчүлүк өнөрүн жандандыруу, кол өнөрчүлүктүн салттуу түрлөрүн сактап калуу жана жаш муунга өткөрүп берүү максатында өткөрүлдү.
Катышуучулар өздөрүнүн уникалдуу жана кайталангыс өрмөк буюмдарын, кол эмгектерин тартуулап, бай маданий мурасыбыздын тамыры терең экендигин дагы бир жолу далилдешти.
Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, маданият ишмерлери жана көп сандаган жашоочулар активдүү катышышты.
Жыйынтыгында:
“Мыкты Өрмөкчү”
“Мыкты Мурас”
“Мыкты Килемчи” категориясынын жеңүүчүлөрүнө
1-орун үчүн 40 000 сом;
2-орун үчүн 30 000 сом;
3-орун үчүн 20 000 сом ыйгарылды.
Ошондой эле, калган катышуучулар атайын кызыктыруучу сыйлыктар жана акчалай 5000 сом сертификатка ээ болушту.
“Өрмөк Дүйнөсү” – бул жөн гана сынак эмес, бул биздин элдин руханий байлыгы, өзгөчө маданий жүзүбүздүн көрүнүшү!
Фестивалдын ийгилигине салым кошкон бардык катышуучуларга жана колдоо көрсөткөндөргө терең ыраазычылык билдиребиз!
––––––––––––––––––––––––––––––
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы





