Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

МАДАНИЯТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

🎉

Бүгүн Чоң-Алай районунда маданият кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов, биринчи орун басары А.Абдирашитов, орун басары Б.Бакыбеков, аппарат жетекчи З.Шакиров, айыл өкмөт башчылары, мекеме жетекчилери, маданият тармагынын ардагерлери жана чыгармачыл кызматкерлер катышышты.

Иш-чара райондук маданият бөлүмү мекемесинин акыркы жылдары аткарган алгылыктуу жумуштары тууралуу видео баян менен башталып, концерттик программа менен коштолду.

Майрамдык кече учурунда маданият кызматкерлерине, элдин руханий жашоосуна кошкон зор салымы үчүн Аким ыраазычылык билдирип, мыкты кызматкерлерге Ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.

💐 Маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Сиздердин чыгармачылык изденүүңүздөр, эл үчүн болгон эмгегиңиздер – коомдун руханий өнүгүүсүнүн негизги булагы болуп саналат.

––––––––––––––––––––––

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы

Окшош билдирүүлөр

Кыргыз Республикасында санариптик инфраструктурасы бар ТЭЦ куруу боюнча МЖӨ долбооруна кол коюлду

2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имаратында «Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук

Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен ЖЭБдин энергоблогун куруу боюнча МЖӨ долбоорунун конкурсунун жеңүүчүсү жарыяланды

«Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук электр станциясын куруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорун ишке ашыруунун алкагында жеке