КУЛАКТАНДЫРУУ!!!

“Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы менен сыйлоо үчүн документтерди кабыл алуу башталды. Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, көп балалуу энелерди “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы менен сыйлоо үчүн документтерди 2025-жылдын 1-декабрына чейин кабыл алат. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-августундагы №237 Жарлыгынын 2-пунктуна ылайык, мамлекеттик […]
МУГАЛИМ ТААЛАЙДЫН ТАЗАСЫ – ТАРБИЯНЫН БАШАТЫ!

2025-жылдын 9-октябрында Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы Б.Акимбеков атындагы Маданият үйүндө Билим берүү кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленди. Иш-чарага Чоң-Алай районунун акими М.Т.Шамырканов, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, ардагер мугалимдер жана агай-эжелер катышышты. Алгач райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын коомдогу орду жана эмгеги жогору бааланарын белгиледи. Мугалимдердин […]
КӨП БАЛАЛУУ ЭНЕЛЕР СЫЙЛАНДЫ

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Республиканын көп балалуу энелерин “Баатыр эне” ордени менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык, бүгүн Чоң-Алай районунда көп балалуу энелерге 18 “Баатыр эне” ордени жана 25 “Эне даңкы” медалы тапшырылды. Иш-чараны Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов ачып, көп балалуу энелерди куттуктоо менен бирге, Эне – бул турмуштун башаты, жашоонун жарыгы, адам баласынын биринчи […]
ЗОМБУЛУКСУЗ КООМ – БАЛДАР ҮЧҮН КООПСУЗ КЕЛЕЧЕК

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы №60 “Укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде, райондук ички иштер бөлүмүнүн Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте түзгөн иш планына ылайык, бүгүн Чоң-Алай районунда “Зомбулуксуз коом – балдар үчүн коопсуз келечек” аттуу форум болуп өттү. Форумга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекеме ишканалардын жетекчилери, мектеп директорлору жана жергиликтүү тургундар катышты. […]
КАРЫЛАР КҮНҮНӨ КАРАТА УРМАТ-СЫЙ

Бүгүн, 1-октябрь – Карылар күнү. Бул күн ар бирибиз үчүн өзгөчө мааниге ээ. Анткени жашообуздун таянычы болгон улуу муунду урматтап, көңүл буруу – биздин ыйык парзыбыз. Ага ылайык, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов Чоң-Алай районунун Шибээ айылынын тургуну 101 жаштагы аксакал Б.Ташматовдон жана Кашка-Суу айылынын тургуну Т.Канкелдиевдерден кабар алып, ар бир ардактуу карыяга көңүл […]
УКУК БУЗУУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ

Бүгүн, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын алдында Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын отуруму болуп өттү. Аталган отурум Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Б.Бакыбековдун төрагалыгында координациялык комиссиянын мүчөлөрүнүн жана Чоң-Алай районунун прокурору А.Сыдыков, Чоң-Алай райондук улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын өкүлү, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы З.Сарыков, ошондой эле, мекеме ишканалардын жетекчилери жана мектеп […]
Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү түшүндүрүүгө багытталган жыйын болуп өттү.

Бүгүн, Чон-Алай райондук мамлекеттик администрациясында “КР Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү түшүндүрүүгө багытталган жыйын болуп өттү. Жыйынга Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.Г. Бекматов тарабынан мыйзамдагы өзгөртүүлөр боюнча кеңири маалымат берилди. Жыйын район жетекчилигинин, айыл өкмөт башчыларынын, мектеп директорлорунун, айыл башчылар менен мамлекеттик мекеме жана уюм өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. […]
ТАЗАЛЫК – ДЕН СООЛУКТУН БАШАТЫ!

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасына ылайык, Чоң-Алай районунун аймагында жалпы ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликке айыл өкмөт башчылары, кызматкерлери, мекеме-ишканалардын жетекчилери баш болгон кызматкерлери тартылып, негизги жолдун жээктери, мекеме-ишканалардын айланалары таштандыдан тазаланды. Тазалык – ар бирибиздин күнүмдүк жашообуздун маданияты жана жоопкерчилиги. Ар бир адам өз айланасын таза кармаса, коомубузда да, айлана-чөйрөбүздө да […]
КЫРСЫКТАРДЫН ТОБОКЕЛДИГИН АЗАЙТУУ КҮНҮ

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы №225-б “5-октябрь жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү деп жарыялоо жөнүндө” буйругунун негизинде, калк арасында табигый кырсыктардын коркунучун төмөндөтүү чөйрөсүндөгү билим деңгээлин жогорулатуу, Жарандык коргонуу тармагында маалыматтарды жана тажрыйбаларды калкка жайылтуу, ошондой эле, кырсыктардын тобокелдигин азайтууга багытталган бир айлык иш-чараларды уюштуруу максатында, Чоң-Алай районунун аймагында кырсыктардын […]
Ош облусунда Чакан гранттар программасына катышууга чакырабыз!

Программанын максаты: Окутуу жана каржылык колдооаркылуу стартаптарды жана чакан бизнести өнүктүрүү.Бул программа ким үчүн?➢ Ош облусунун 88 айыл өкмөттөрүндө жана шаарларында ишкерлер жаначакан бизнес ээлери.➢ Төмөнкүлөргө артыкчылык берилет:✓ Аялдар✓ Жаштар (18-28 жаш)✓ Калктын социалдык жактан аялуу топторуКайсы багыттар боюнча грант алса болот? Программа Ош облусунуннегизги тармактарындагы долбоорлорду колдойт:A. Туризм (мейманканалар, туроператорлор, кемпингдер)B. HoReCa (кафелер, ресторандар)C. […]