Бүгүн Дароот-Коргон айылындагы Б.Акимбеков атындагы маданият үйүндө райондук деңгээлдеги бош жумуш орундарынын жарманкеси өткөрүлдү.
Жарманкеге Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов биринчи орун басары А.Абдирашитов, орун басары Б.Бакыбеков, аппарат жетекчиси З.Шакиров менен бирге, айыл өкмөт башчылары, менчигинин түрүнө карабастан бардык мекеме ишканалардын жетекчилери, жумуш издеген жарандар жана социалдык контракттын катышуучулары катышты.
Жарманке райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын эмгек жамаатынын демилгеси менен уюшкандыкта өткөрүлүп, келген ар бир жаранды ысык кофе жана таттуулар менен тосуп алышты.
Ошондой эле, жарманке учурунда жумуш берүүчү ишканалар өздөрүндөгү бош жумуш орундары боюнча сунуштарын айтышты.
Жыйынтыгында иш чарага катышкан 4 жумушсуз жаран жумушка жайгашууга жолдомо алышты. Алар, билим берүү тармагына 2, Кыргыз Телеком ишканасына 1, саламаттык сактоо тармагына 1 жаран.
Андан сырткары, социалдык контракт долбоорунун катышуучуларынын көргөзмөсү уюштурулуп, өздөрүнүн ишмердүүлүгү менен келген конокторго маалымат беришти.
Жарманкенин соңунда, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткандарга мындан ары да бизнес долбоорлорунун өсүп өнүгүшүнө тилектештигин билдирди жана социалдык контракт долбоорунун алкагында жакшы иш алып барган жеке ишкерлер Ардак Грамоталар менен сыйланышты.
––––––––––––––––––––––––––––––––––
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы











