Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

БҮГҮНКҮ ТЕГЕРЕК СТОЛ

Бүгүн Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында “Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоорун” ишке ашыруу боюнча тегерек стол өткөрүлдү.

Тегерек столго Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Т.Шамырканов, биринчи орун басары А.С.Абдирашитов, жумушчу топтун курамы, ишкерлер, фермерлер, бизнес жаатында эмгектенгендер, айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөр, туризм, кол өнөрчүлүк менен иш алып баргандар жана мектеп директорлору, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, ФАП башчылары, айылдык китепканалардын башчылары катышты.

2025-жылдын октябрь айынын башында Чон-Алай райондук мамлекеттик администрациясы АРИС менен Чоң-Алай айыл өкмөтүндө Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын колдоосу менен Коомдоштук демилгеси улуттук долбоорду ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюшкан.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн социалдык – экономикалык инфраструктурасынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында 450,0 миң доллардан 750,0 миң долларга чейинки долбоорлор ишке ашырылат.

––––––––––––––––––––––––––––––

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы

Окшош билдирүүлөр

Кыргыз Республикасында санариптик инфраструктурасы бар ТЭЦ куруу боюнча МЖӨ долбооруна кол коюлду

2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имаратында «Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук

Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен ЖЭБдин энергоблогун куруу боюнча МЖӨ долбоорунун конкурсунун жеңүүчүсү жарыяланды

«Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук электр станциясын куруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорун ишке ашыруунун алкагында жеке