Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасына ылайык, Чоң-Алай районунун аймагында жалпы ишембилик өткөрүлдү.
Ишембиликке айыл өкмөт башчылары, кызматкерлери, мекеме-ишканалардын жетекчилери баш болгон кызматкерлери тартылып, негизги жолдун жээктери, мекеме-ишканалардын айланалары таштандыдан тазаланды.
Тазалык – ар бирибиздин күнүмдүк жашообуздун маданияты жана жоопкерчилиги. Ар бир адам өз айланасын таза кармаса, коомубузда да, айлана-чөйрөбүздө да тартип жана жарашык болот.
––––––––––––––––––––
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы





