Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы №225-б “5-октябрь жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү деп жарыялоо жөнүндө” буйругунун негизинде, калк арасында табигый кырсыктардын коркунучун төмөндөтүү чөйрөсүндөгү билим деңгээлин жогорулатуу, Жарандык коргонуу тармагында маалыматтарды жана тажрыйбаларды калкка жайылтуу, ошондой эле, кырсыктардын тобокелдигин азайтууга багытталган бир айлык иш-чараларды уюштуруу максатында, Чоң-Алай районунун аймагында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусундагы башкармалыгынын башчысы, подполковник Э.Мусаев, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов, биринчи орун басары А.Абдирашитов жана Чоң-Алай райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын башчылары, мекеме-ишканалардын жана уюмдардын жетекчилери катышышты.
Райондо кырсыктардын тобокелдигин азайтууда өзгөчө кошкон салымдары үчүн, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысына жана бир катар кызматкерлерге Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары тапшырылды.
Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу – ар бирибиздин жоопкерчилигибиз. Алдын алуу чараларын көрүү менен өмүрүбүздү, саламаттыгыбызды жана мүлкүбүздү сактап калабыз.
–––––––––––––––––––––––––––––––
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы





