Бүгүн Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясында кезектеги аппараттык жыйын болуп өттү.
Аппараттык жыйынга КРнын улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Чоң-Алай райондук бөлүмүнүн башчысы К.Б.Баяманов, райондун прокурору А.Б.Сыдыков, Баш-имам хатиб, айылдык кеңештин төрагалары, аймактык шайлоо комиссиянын төрагасы, айыл өкмөт башчылары, мекеме жетекчилери, мектеп директорлору, бала бакчалардын жетекчилери жана тиешелүү кызматкерлер катышты.
Аппараттык жыйындын күн тартибинде төмөнкү 3 маселе каралды:
2025-жылдын 30-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону таза жана ачык өткөрүү жөнүндө;
IV Элдик курултайды өткөрүүгө даярдыктарды көрүү жөнүндө;
Ар түрдүү маселелер.
Күн тартибиндеги 1-маселе боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Б.П.Мойдунов маалымат берди. Андан соң, КРнын улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Чоң-Алай райондук бөлүмүнүн башчысы К.Б.Баяманов, райондун прокурору А.Сыдыков жана Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси З.Шакировдор шайлоо өнөктүгү боюнча Мыйзамда каралган талаптарга токтолуп өтүштү.
Күн тартибиндеги 2-маселе боюнча аппарат жетекчи З.Р.Шакиров баяндама жасады.
Жыйындын жүрүшүндө Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов күн тартибиндеги ар түрдүү маселелерге токтолуп, тиешелүү мекемелерге жана айыл өкмөт башчыларына бир катар тапшырмаларды берди.
Андан тышкары, 2025-жылдын 30-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо мугалимдердин шайлоо комиссияларынын ишине катышуусуна тоскоолдук кылбоо менен бирге, билим берүү мекемелеринин кызматкерлерин шайлоо комиссияларына тажрыйбасы жана жөндөмдөрү боюнча гана тартуу, аларды үгүтчү же байкоочу катары пайдаланбоо милдеттери мектеп жана МЧББУМнин жетекчилерине коюлду.
––––––––––––––––––––––––––––––––––
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы





