МЫКТЫ БОЗ ҮЙ” СЫНАГЫ

Алай районунда Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине карата уюштурулган “Мыкты боз үй” сынагында Чоң-Алай району 3-орунду багынтып, 50 000 сом байгени жеңип алды. Бул ийгилик – ата-бабадан калган салтты, маданиятты даңазалоонун, ынтымак менен эмгектенүүнүн жыйынтыгы. Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы бул ийгиликти камсыз кылууга активдүү салым кошкон бардык айыл өкмөттөргө, мекеме-ишканаларга, жана өзгөчө талыкпай эмгектенген кызматкерлерге […]
ЭЛДИ БЕКЕР МЕДИЦИНАЛЫК КАРООДОН ӨТКӨРҮҮ

Урматтуу мекендештер! Сиздер үчүн эң керектүү адистерден турган “бекер медициналык кароо” уюштурулат. Ден соолугуңузду текшерүүгө убакыт келди! Биздин адистер: 1. Окулист (көз дарыгери) 2. Акушер-гинеколог 3. УЗИ 4. Медсестра 5. Невропатолог 6. Лаборант (анализ) 7. Лор (кулак, мурун, тамак дарыгери) 8. Кардиолог. 9. Педиатр (жаш балдар дарыгери) ■ Кара-Мык айылы (7-сентябрь) ■ Жекенди айылы (8-сентябрь) […]
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭГЕМЕНДҮҮЛҮГҮНӨ 34 ЖЫЛ

Бүгүн Чоң-Алай районунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 34 жылдыгы белгиленди. Иш-чараны Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов ачып, район тургундарын жана конокторун бүгүнкү майрамы менен куттуктады. М.Шамырканов өз сөзүндө, Эгемендүүлүк – ата-бабаларыбыздын ак канаты, эркиндик үчүн күрөшкөн бабалардын аманаты экенин баса белгилеп, биздин милдет – ушул эркиндикти көздүн карегиндей сактап, мекенибизди өнүктүрүү, келечек муундар үчүн […]
ЧОҢ-АЛАЙ РАЙОНУНДА 3 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ АЧЫЛДЫ

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына карата, Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда, өлкө аймагында онлайн ачылып жаткан 100 социалдык объекттин катарында, районубуздун аймагында 3 социалдык объект ачылды. Алар: – Чоң-Алай айыл аймагынын Жаш-Тилек айылындагы спорт комплекс. Ал 2019-жылы башталган. Сметалык баасы 20 780 000 (жыйырма миллион жети жүз сексен миң) сом; – Кашка-Суу айыл аймагынын Ачы-Суу айылындагы […]
ИШКЕРЛЕРГЕ АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ

Бүгүн, Чоң-Алай районунун прокуратурасы тарабынан, Чон-Алай районунун аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жеке ишкерлерге жана ошондой эле ишкерлерди текшерүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын катышуусунда ишкердик субъектилер жана бизнес өкүлдөрү менен пайда болгон көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдорун талкуулоо, алардын укуктарын түшүндүрүү, консультациялык жардам көрсөтүү боюнча ачык эшиктер күнү өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. –––––––––––––––––––––––––––––––– Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы
АВГУСТ ПЕДАГОГИКАЛЫК ФОРУМУ

Бүгүн, Чоң-Алай районунда “Алтын Казык – доор өзгөрткөн билим” аталышындагы Август педагогикалык форуму өткөрүлдү. Аталган форумду Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким М.Т.Шамырканов ачып, форумдун катышуучуларын август айындагы салттуу педагогикалык форумдун ачылышы менен куттуктады. Ошону менен бирге, бул иш-чара – билим берүү тармагындагы маанилүү маселелерди талкуулап, тажрыйба бөлүшүп, жаңы окуу жылына даярдыктын башаты болуп […]
ТАЗАЛЫК – ДЕН СООЛУКТУН БАШАТЫ!

Бүгүн Чоң-Алай районунун аймагында жалпы ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликке айыл өкмөт башчылары, кызматкерлери, мекеме-ишканалардын жетекчилери баш болгон кызматкерлери тартылып, негизги жолдун жээктери, мекеме-ишканалардын айланалары таштандыдан тазаланды. Урматтуу мекендештер! Тазалык – ар бирибиздин күнүмдүк жашообуздун маданияты жана жоопкерчилиги. Ар бир адам өз айланасын таза кармаса, коомубузда да, айлана-чөйрөбүздө да тартип жана жарашык болот. Таштандыны белгиленген жайга таштайлы; […]
ЖЕТИШПЕГЕН ДАРЫГЕРЛЕР МЕНЕН КАМСЫЗДОО

Саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү, калкка сапаттуу медициналык тейлөө көрсөтүү жана Чоң-Алай районундагы жетишпеген дарыгерлерди камсыздоо максатында 6 (алты) студенттин окуу акысын төлөп берүү иштери колго алынды. Бүгүнкү күндө Чоң-Алай районунда 6 (алты) дарыгер жетишпейт. Алардын ордун камсыздоо үчүн Ош мамлекеттик университетинин Медицина факультетинде дарылоо иши багытында билим алып жаткан 5 (беш) студенттин жана И.К.Ахунбаев атындагы […]
КОЛЛЕГИЯЛЫК ЖЫЙЫН

Бүгүн, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясында коллегиялык жыйын болуп өттү. Коллегиялык жыйында райондун аймагындагы билим берүү мекемелеринин 2025-2026-жаңы окуу жылына даярдыктары жөнүндө маселе каралып, жыйындын жүрүшүндө “Алтын Казык” программасынын алкагында 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү боюнча даярдыктардын деңгээли тууралуу талкууланды. Жыйынтыгында билим берүү бөлүмүнө бир топ тапшырмалар берилди. Андан соң, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын аппараттык […]
КАДРДЫК ӨЗГӨРҮҮ

Абдилдаев Исматилла Кудратиллаевич Ош Башкы суу чарба башкармалыгынын башкы инженер кызматына которулганына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын 2025-жылдын 11-августундагы чыгуу №131 сандуу буйругунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 30-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Тойчиев Нурбек Салайдинович Чоң-Алай райондук суу чарба башкармалыгынын башкы инженери ээлеген кызматынан […]