Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү түшүндүрүүгө багытталган жыйын болуп өттү.

🔹️Бүгүн, Чон-Алай райондук мамлекеттик администрациясында “КР Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү түшүндүрүүгө багытталган жыйын болуп өттү.

🔹️Жыйынга Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.Г. Бекматов тарабынан мыйзамдагы өзгөртүүлөр боюнча кеңири маалымат берилди.

🔹️Жыйын район жетекчилигинин, айыл өкмөт башчыларынын, мектеп директорлорунун, айыл башчылар менен мамлекеттик мекеме жана уюм өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

🔹️Жыйындын соңунда Чон-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов БШКнын мүчөсү А.Г. Бекматовго райондун активинин атынан түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирди

––––––––––––––––––––––––––––––––

📌Чон-Алай райондук мамлекеттик администрациясы

Окшош билдирүүлөр

Коррупцияга каршы маалымдуулук деңгээлин аныктоо боюнча анонимдүү сурамжылоо!

Кыргыз Республикасында коррупциянын алдын алуу боюнча калктын маалымдуулук деңгээлин изилдөө жана мамлекеттик антикоррупциялык саясатты өркүндөтүү максатында онлайн-сурамжылоо жүргүзүлүүдө. Сиздин пикириңиз

Кыргыз Республикасында санариптик инфраструктурасы бар ТЭЦ куруу боюнча МЖӨ долбооруна кол коюлду

2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имаратында «Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук