Бүгүн, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын алдында Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын отуруму болуп өттү.
Аталган отурум Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Б.Бакыбековдун төрагалыгында координациялык комиссиянын мүчөлөрүнүн жана Чоң-Алай районунун прокурору А.Сыдыков, Чоң-Алай райондук улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын өкүлү, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы З.Сарыков, ошондой эле, мекеме ишканалардын жетекчилери жана мектеп директорлорунун катышуусунда болду.
Күн тартибинде төмөндөгү 4 маселе каралды:
1. Укук бузуулардын алдын алуу;
2. Экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү;
3. Балдар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу;
4. Үй бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу.
Күн тартибиндеги маселелер боюнча Чоң-Алай РИИБнун башчысынын орун басары С.Темиров жана Чоң-Алай РИИБнун ыкчам өкүлү И.Көчкөновдор баяндама жасашты.
Андан соң, отурумдун катышуучулары тарабынан аталган маселе боюнча кеңири талкуулар болду жана координациялык комиссиянын чечими кабыл алынды.
––––––––––––––––––––
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы





