Бүгүн Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов райондук прокурор А.Сыдыков, биринчи орун басары А.Абдирашитов, орун басары Б.Бакыбеков, ошондой эле, облустан келген укук коргоо органдарынын жетекчилери, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы З.Сарыков жана тиешелүү мекеме жетекчилери менен бирге №5161 шайлоо тилкесинин ачылышына келип, жарандык парзын аткарып, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого алгачкылардан болуп, аралыктан добуш берди.
Район башчысы шайлоо процесси тынч, иреттүү өтүп жатканы, жарандардын активдүү катышуусу кубандырарлык көрүнүш экенин баса белгилеп, ар бир жарандын тандоосу — өлкөнүн эртеңине кошкон салымы. Демократиялык коомдо добуш берүү – жөн гана укук эмес, бул – жоопкерчилик”, — деп белгилеп, бардык шайлоочуларды активдүү болууга чакырды.
Шайлоо тилкесине келген жарандар да бүгүнкү жоопкерчиликтүү күндүн маанисин түшүнүп, өз тандоолорун аткарып жатышты. Мындай жигердүүлүк райондун саясий маданиятынын өсүп жатканын айгинелейт.
Келечек – бирдиктүү чечимден башталат. Ар бир добуш — өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жасалган салым.
Райондогу бардык 18 шайлоо тилкелери саат 8:00дө ачылып, ишин баштаган.
––––––––––·––––––––––
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы





