Бүгүн Б.Акимбеков атындагы маданият үйүндө Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамыркановдун жеке тапшырмасына ылайык, райондук мекеме-ишканалардын, мектептердин жана бала бакчалардын жетекчилерине, иш-кагаздарын жүргүзүүчүлөрүнө, ошондой эле жаңыдан жумушка кирген кызматкерлерге арналган атайын окуу семинары өткөрүлдү.
Семинарды Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов ачып, азыркы заманда ар бир документ — жоопкерчиликти, тартипти жана ачык-айкындыкты талап кыларын, иш кагаздары так болбосо, кабыл алынган чечим да так болбой, ушундан улам мамлекеттик мекемелерде, айыл өкмөттөрдө, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка тармактарда документтин туура жүргүзүлүшү — иштин сапатын аныктаган өлчөм экенин баса белгилеп, бул окуунун максаты — күнүмдүк ишибизди жеңилдетүү, туура стандарттарга өтүү, электрондук жана кагаз жүзүндөгү документ жүгүртүүнү заман талабына ылайыктап, өнүктүрүү, эң негизгиси — ар бир кызматкердин кесиптик деңгээлин жогорулатып, элге болгон кызматты жакшыртуу экенине токтолуп өттү.
Окуунун темасы жана максаты:
✓ Иш-кагаздарынын туура таризделиши;
✓ Номенклатура, электрондук номенклатураны жүргүзүү;
✓ Электрондук журнал жана электрондук документ жүргүзүү системасындагы акыркы жаңылануулар.
Окутуучулар, Архив кызматынын Ош региондук башкармалыгынын бөлүм башчысына жана КР Президентинин Иш башкармалыгынын кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиребиз.
–––––––––––––––––·––––––––––––––
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы




