Сыймыктуу жыйынтык!

Кыргыз Республикасынын Президентинин 18.12.2024-жылдагы №369 «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө Жарлыгынын негизинде, жарандык жоопкерчиликти, үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды чыңдоо, эмгекчил жана үлгүлүү жарандарды даңазалоо, коомдо ынтымакты жана биримдикти бекемдөө максатында өткөрүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында Кашка-Суу айыл аймагы боюнча төмөнкү номинациялар ыйгарылды: «Үлгүлүү айыл» Жайылма айылы; «Үлгүлүү аксакал» Жайылма айылынын тургуну — Мурзамидинов Бусурманкул. «Үлгүлүү […]
ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ ТУТУМУНУН ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ

Чон-Алай райондук жарандык коргонуу тутуму боюнча 2025-жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгы чыгарылды. Иш-чарага Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Б.Бакыбеков, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, жарандык коргонуу кызматтарынын жетекчилери катышты. Кеңешменин жүрүшүндө 2025-жылда аткарылган иштер боюнча баяндама жасалып, жыл ичинде катталган өрт кырсыктары, өзгөчө кырдаалдар, алардын кесепеттери жана алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар тууралуу маалымат […]
АКИМДИН БАЛАТЫСЫ

Райондо акимдин салттуу Жаңы жылдык балатысы жогорку деңгээлде өттү. Бул майрамдык иш-чарага Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов орун басары Б.Бакыбеков жана айыл өкмөт башчылары менен катышты. Иш-чара балдардын жүзүнө кубаныч, жүрөгүнө үмүт тартуулап, унутулгус көз ирмемдер менен коштолду. Акимдин балатысына райондун бардык аймактарынан келген социалдык жактан колдоого муктаж, мыкты окуган жана таланттуу балдар катышты. […]
ЖЫЛ МЫКТЫЛАРЫ

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2025-жылдын 7-ноябрындагы №24-12172 сандуу катынын негизинде, 2025-жылдын 14-ноябрындагы Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын №01-13/1964 сандуу тапшырмасына ылайык, жарандык жоопкерчиликти, үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды чыңдоо, эмгекчил жана үлгүлүү жарандарды даңазалоо, коомдо ынтымак жана биримдикти бекемдөө максатында, катта көрсөтүлгөн номинациялар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иш-чаралар өткөрүлүп, төмөнкүдөй жыйынтыкталды: Чоң-Алай айыл өкмөтү боюнча: […]
ЭНЕРГЕТИКТЕРДИН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн 22-декабрь — Энергетика күнү жана энергетика тармагынын түптөлгөндүгүнүн 91 жылдык мааракеси белгиленди. Энергетиктердин кесиптик майрамына карата райондо салтанаттуу иш-чара уюштурулуп, энергетика тармагында үзүрлүү эмгектенип, өз милдетин жоопкерчилик менен аткарып келген алдыңкы кызматкерлер сыйланды. Иш-чаранын жүрүшүндө Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын талыкпаган эмгеги элдин турмушунда өзгөчө мааниге ээ […]
КР УКМК Ош облусунун аймагында көмүрдүн баасын жасалма кымбаттатууга жол бербөө боюнча эскертти

КР УКМК тарабынан, ушул жылдын 17-декабрында Ош шаарынын жана Ош облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда көмүр казуучу компаниялардын өкүлдөрү, «Кыргызкөмүр» ААКнын инвесторлору, отун кампаларынын ээлери, ортомчулар жана сатуучулар менен жыйын уюштурулду. Жыйында Ош облусунун калкын отун менен камсыздоо боюнча учурдагы түзүлгөн кырдаал жана аймактын жашоочуларынын нааразычылыгын жаратып жаткан көмүрдүн баасы боюнча маселелер талкууланды. Жыйындын […]
ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН АКИМ КАБЫЛ АЛДЫ

Эл аралык олимпиадада район намысын татыктуу коргоп, жогорку жыйынтык жараткан Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинин окуучулары Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов тарабынан кабыл алынды. Кабыл алуунун жүрүшүндө аким Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) өткөн эл аралык олимпиадада англис тили предмети боюнча I орунду багындырган 11-класстын окуучусу Жалалидинова Сапаргүл Анаргазыевна жана 10-класстын […]
МАТЕРИАЛДЫК – ТЕХНИКАЛЫК БАЗАНЫ ЧЫҢДООГО БАГЫТТАЛГАН ДАГЫ БИР КАДАМ

Кашка-Суу Айыл Өкмөтүнө Сметалык баасы 9 270 000 сом болгон CDM 615 OW Lonking маркасындагы заманбап экскаватор алынып келинди. Аталган техниканы сатып алууга райондук өнүктүрүү фондунан 6 870 000 сом, ал эми 2 400 000 сом өздүк салым катары каржыланды. Жаңы экскаватор Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов тарабынан расмий […]
МАЛ ЖАНДЫКТАРЫНЫН ЖАНА ҮЙ КАНАТТУУЛАРЫНЫН ЭСЕБИН АЛУУ

Бүгүн Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында мал жандыктарынын жана үй канаттууларынын эсебин жүргүзүү боюнча отурум болуп өттү. Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 4-декабарындагы №О223 сандуу буйругуна ылайык түзүлгөн комиссиянын биринчи отурумун Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары, комиссиянын жетекчиси А.С.Абдирашитов алып барып, райондун аймагында мал жандыктардын жана үй канаттуулардын эсебин жүргүзүү боюнча […]
КӨП СЕКТОРЛУУ КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШМЕ

Бүгүн Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы социалдык мааниге ээ жана өзгөчө коркунучтуу оорулар боюнча көп секторлуу Координациялык кеңешме болуп өттү. Кеңешмеге саламаттык сактоо, билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана айыл өкмөттүн социалдык кызматкерлери катышып, учурдагы кырдаал талкууланды. Кеңешмени төрага Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Б.Бакыбеков алып барды. Кеңешменин жүрүшүндө учурдагы курч респиратордук вирустук инфекциялардын […]