Бүгүн Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы социалдык мааниге ээ жана өзгөчө коркунучтуу оорулар боюнча көп секторлуу Координациялык кеңешме болуп өттү.
Кеңешмеге саламаттык сактоо, билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана айыл өкмөттүн социалдык кызматкерлери катышып, учурдагы кырдаал талкууланды.
Кеңешмени төрага Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Б.Бакыбеков алып барды.
Кеңешменин жүрүшүндө учурдагы курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун алдын алуу боюнча Чоң-Алай райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери М.Рыскул кызынын баяндамасы угулуп, бир катар талкуулар жүрдү.
Кеңешменин акырында райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна төмөнкү тапшырмалар берилип, чечим кабыл алынды:
райондо курч респиратордук вирустук инфекциялардын (КРВИ) жана сасык тумоонун алдын алуу боюнча мектеп, бала-бакчалардын санитардык абалы боюнча тыкыр көзөмөлгө алуу;
райондо курч респиратордук вирустук инфекциялардын (КРВИ) жана сасык тумоо оорусу менен ооруган окуучулар жана тарбиялануучулар көп болгондуктан, сабакка катышпаган окуучулардын көрсөткүчү 20%дан төмөн болгон төмөнкү мектептер жана мектепке чейинки билим берүү уюму мекемелери 1 жумалык мөөнөткө аралыктан окууга өткөрүү:
Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Эсенкелди уулу Максатбек атындагы орто мектебинин 1-классынан 4-классына чейин;
Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу “Кашка-Суу”, “Байчекекей Кашка-Суу”, “Кара-Кабак”, “Айданек Жайылма”, “Жеткинчек Ачы-Суу” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемелеринин бардык тайпалары.
Саламаттык – баарынан кымбат. Өзүбүздү жана жакындарыбызды коргойлу!
––––––––––––––––––––––––––––––––
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы




