19-ноябрь күнү райондун акими М.Шамырканов, орун басарлары жана тиешелүү жетекчилер менен райондогу 18 шайлоо участкалардын шайлоого даярдыктары боюнча жеринен көрүп чыгып, бүгүн Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Т.Шамыркановдун төрагалыгы алдында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо учурунда коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоо маселелерине байланыштуу жыйын өткөрдү.
Иш-чарага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкы башкармалыгынын Чоң-Алай райондук бөлүмүнүн кызматкерлери, райондук ички иштер бөлүмүнүн, өзгөчө кырдаалдар жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Жыйында шайлоо учурунда жана ага даярдык көрүү мезгилинде коомдук жана мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылуу, террордук жана экстремисттик коркунучтардын алдын алуу, шайлоо участкалардын талапка ылайык шарттары боюнча маселелер талкууланды.
Талкуунун жыйынтыгында укук коргоо жана мамлекеттик органдарга бир катар конкреттүү тапшырмалар берилди. Атап айтканда, шайлоо тилкелеринин жана стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыздоо, коомдук тартипти сактоо, патрулдук жана күзөт кызматтарын күчөтүү, өрт коопсуздугун алдын алуу чараларын көрүү милдеттендирилди.
–––––––––––––––––––––––––––––––·
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы





