Жазуучу Муса Сапаевдин 80 жылдык мааракеси Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин конференциялык залында белгиленди.
Кыргыз Республикасынын Ардактуу Аксакалы, 30дан ашык китептин автору, белгилүү жазуучу Муса Сапаевдин 80 жылдык мааракеси чоң урмат-сый менен белгиленип, ага Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Б.Бакыбеков, Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кудратиллаевдер катышып, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамыркановдун жана райондук мекеме жетекчилеринин атынан чын жүрөктөн куттуктап келишти.
Акимдин орун басары өзүнүн куттуктоо сөзүндө Муса Сапаевдин өлкөбүздүн маданиятына жана руханий дүйнөсүнө кошкон зор салымын белгилеп, анын чыгармачылыгы райондун окурманы үчүн гана эмес, жалпы кыргыз коомчулугу үчүн баа жеткис мурас экенин баса белгиледи.
Муса Сапаевдин чыгармачылыгы
адамдын тагдыры, коомдун келечеги, ыйман жана морал темаларын терең чагылдырган,
окурманды ойлондурган, ой жүгүртүүгө чакырган, улуттук адабиятты байытып, жаңы изденүүлөрдү алып келген эмгектерден турат.
Жазуучунун 30дан ашык китеби бүгүнкү күндө да окурмандар тарабынан кызыгуу менен окулуп, муундан муунга өтүп келе жаткан баалуу мурас болуп саналат.
Район эли жердешибизге, жазуучуга ден соолук, узак өмүр жана чыгармачылык дем каалап, анын эмгектери дагы көп жылдар бою окурмандардын жүрөгүнөн орун ала берерине ишеничибизди билдиребиз.
Урматтуу Муса Сапаевич, 80 жылдык майрамыңыз кут болсун!
Руханий дүйнөбүздү байыткан чыгармачылык жолуңуз улансын! ![]()
![]()
–––·––––––––––––––––––––––––––––
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы





