Бүгүн, Чоң-Алай районунда “Алтын Казык – доор өзгөрткөн билим” аталышындагы Август педагогикалык форуму өткөрүлдү.
Аталган форумду Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким М.Т.Шамырканов ачып, форумдун катышуучуларын август айындагы салттуу педагогикалык форумдун ачылышы менен куттуктады. Ошону менен бирге, бул иш-чара – билим берүү тармагындагы маанилүү маселелерди талкуулап, тажрыйба бөлүшүп, жаңы окуу жылына даярдыктын башаты болуп саналаарын баса белгилеп, педагог кесиби – коомубуздагы эң жооптуу жана урматтуу кесиптердин бири болгондуктан, мугалимдердин чыдамкайлыгына, ишке болгон берилгендигине жана өз кесибине болгон сүйүүлөрүнө терең ыраазычылык билдирүү менен бирге, форумдун ишине толук кандуу ийгиликтерди каалады.
Форумга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, мектептердин директорлору жана мектепке чейинки билим берүү уюму мекемелеринин жетекчилери, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары, алдыңкы мугалимдер, ардагер жана жаш мугалимдер катышты.
Аталган форумда төмөнкү темалар боюнча презентациялар жасалып, маалыматтар берилди:
– 2025-2026-окуу жылына карата жаңы кадамдар;
– “Жаңылыктын жарчысы” форуму, алынган сабактар;
– Билим берүүнү санариптештирүү;
– Бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан STEM багытындагы предметтердин мугалимдери үчүн келген ноутбуктар жана мектепке чейинки билим берүү уюму мекемелерине келген сыналгылар тапшырылды.
Форумдун жүрүшүндө көп жылдык ак ниет эмгектери үчүн ардагер мугалимдерге сыйлыктар тапшырылып, белектер берилди.
Мугалим – жашоонун нурун чачкан, келечекти жараткан инсан.
–––––––––––––––––––
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы






