Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына карата, Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда, өлкө аймагында онлайн ачылып жаткан 100 социалдык объекттин катарында, районубуздун аймагында 3 социалдык объект ачылды.
Алар:
– Чоң-Алай айыл аймагынын Жаш-Тилек айылындагы спорт комплекс. Ал 2019-жылы башталган. Сметалык баасы 20 780 000 (жыйырма миллион жети жүз сексен миң) сом;
– Кашка-Суу айыл аймагынын Ачы-Суу айылындагы 275 орундуу Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектеби. Сметалык баасы: 147 881 000 (бир жүз кырк жети миллион сегиз жүз сексен бир миң) сом;
– Кашка-Суу айыл аймагынын Кашка-Суу айылындагы Эсенкелди уулу Максатбек атындагы орто мектебинин өтмө галереясы, спорт залы жана актовый залы (мектептин Б блогу) толугу менен бүткөрүлүп , колдонууга берилди.
Бул имараттар – билимге, спортко, жаштардын келечегине болгон чоң камкордуктун, мамлекетибиздин жана жергиликтүү бийликтин биргелешкен аракетинин жыйынтыгы.
Мектеп – келечектин жаркыны, билим менен тарбиянын очогу болсо, спорт зал – жаш муунду ден-соолукка, чыдамкайлыкка, достукка жана жеңишке тарбиялоонун борбору болуп берет. Бул жерде өсүп келе жаткан балдарыбыз өздөрүнүн билимине билим кошуп, спорт менен машыгып, талантын өрчүтүп, чоң максаттарга умтуларына ишенебиз.
Жаңы ачылып жаткан бул жайлар жакшылыктын, ийгиликтин, келечектин эшиги болуп берсин!
–––––––––––––––––––––––––––––––
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы







