Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭГЕМЕНДҮҮЛҮГҮНӨ 34 ЖЫЛ

Бүгүн Чоң-Алай районунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 34 жылдыгы белгиленди.

Иш-чараны Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов ачып, район тургундарын жана конокторун бүгүнкү майрамы менен куттуктады. М.Шамырканов өз сөзүндө, Эгемендүүлүк – ата-бабаларыбыздын ак канаты, эркиндик үчүн күрөшкөн бабалардын аманаты экенин баса белгилеп, биздин милдет – ушул эркиндикти көздүн карегиндей сактап, мекенибизди өнүктүрүү, келечек муундар үчүн бакубат жашоонун пайдубалын түптөө экенине токтолду жана район элине, келген конокторго бекем ден соолук, үй-бүлөлөрүнө бакыт жана тынчтык каалады.

Иш-чаранын жүрүшүндө Аким “Чоң-Алай районунун ардактуу атуулу» наамын жана Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталарын, ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Иш-чара райондук маданият бөлүмүнүн концерттик программасы менен коштолду.

Элибиздин ынтымагы чың болуп, өлкөбүздүн көк байрагы дайыма бийик желбирей берсин!

––––––––––––––––––––

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы

Окшош билдирүүлөр

Коррупцияга каршы маалымдуулук деңгээлин аныктоо боюнча анонимдүү сурамжылоо!

Кыргыз Республикасында коррупциянын алдын алуу боюнча калктын маалымдуулук деңгээлин изилдөө жана мамлекеттик антикоррупциялык саясатты өркүндөтүү максатында онлайн-сурамжылоо жүргүзүлүүдө. Сиздин пикириңиз

Кыргыз Республикасында санариптик инфраструктурасы бар ТЭЦ куруу боюнча МЖӨ долбооруна кол коюлду

2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имаратында «Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук