Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

ЖЕТИШПЕГЕН ДАРЫГЕРЛЕР МЕНЕН КАМСЫЗДОО

Саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү, калкка сапаттуу медициналык тейлөө көрсөтүү жана Чоң-Алай районундагы жетишпеген дарыгерлерди камсыздоо максатында 6 (алты) студенттин окуу акысын төлөп берүү иштери колго алынды.

Бүгүнкү күндө Чоң-Алай районунда 6 (алты) дарыгер жетишпейт. Алардын ордун камсыздоо үчүн Ош мамлекеттик университетинин Медицина факультетинде дарылоо иши багытында билим алып жаткан 5 (беш) студенттин жана И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында билим алып жаткан 1 (бир) студенттин окуу акыларын Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамыркановдун демилгеси менен райондун Өнүктүрүү фондунан төлөнүп берилет.

Ага ылайык, бүгүн Ош Мамлекеттик Университетинде төрт тараптуу келишимге кол коюлду.

Түзүлгөн келишимге ылайык, студенттер окуусун аяктагандан кийин өз аймагында иштеп беришет.

Анын негизинде, аймактагы жетишпей жаткан дарыгерлерди жана медициналык кадрларды камсыздоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлөт. Натыйжада жергиликтүү тургундарга керектүү адистердин жеткиликтүүлүгү артат жана саламаттыкты сактоо кызматтарынын сапаты жогорулайт.

Биздин негизги максат – ар бир жаранга ыкчам жана жеткиликтүү медициналык жардам көрсөтүү.

––––––––––––––––––––––––––––––––––

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы

Окшош билдирүүлөр

Кыргыз Республикасында санариптик инфраструктурасы бар ТЭЦ куруу боюнча МЖӨ долбооруна кол коюлду

2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имаратында «Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук

Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен ЖЭБдин энергоблогун куруу боюнча МЖӨ долбоорунун конкурсунун жеңүүчүсү жарыяланды

«Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук электр станциясын куруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорун ишке ашыруунун алкагында жеке