Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

ИШКЕРЛЕРДИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ БОЮНЧА ОТУРУМ

Бүгүн, Чоң-Алай районунун прокуратурасы тарабынан Чон-Алай районунун аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жеке ишкерлерге Кыргыз Республикасынын “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын “Ишкердиктин субьектилерин текшерүүлөрдү каттоо” автоматташтырылган маалыматтык системасы жана “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемеси боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемеси көчүрүлүп берилди. Отурумда ишкерлерге мыйзамдын талаптары түшүндүрүлүп, “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемесинин […]

УКУК БУЗУУЛАРДЫ АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА КООРДИНАЦИЯЛЫК КОМИССИЯНЫН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

Бүгүн Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында координациялык комиссиянын жыйыны болуп өттү. Жыйынды Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары, координациялык комиссиянын төрагасы Б.Бакыбеков алып барды. Жыйынга райондук прокурор А.Сыдыков, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын Чоң-Алай райондук бөлүмүнүн өкүлү А.Таштанов, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы З.Сарыков жана тиешелүү мекеме […]

ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

Бүгүн Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясында коллегиялык жыйын болуп өттү. Коллегиялык жыйынды Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким М.Т. Шамырканов ачып, жыл ичинде аткарылган иштерге токтолду. Жыйынга райондогу айыл өкмөт башчылары, мекеме жетекчилери, мектеп директорлору жана айыл башчылар катышты. Коллегиялык жыйындын күн тартибинде төмөнкү маселе каралды: Чоң-Алай районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2025-жылдагы жыйынтыгы жана 2026-жылга карата […]

АГРОЗООВЕТ – 2026 ОКУУ КАРАВАНЫ

2026-жылдын 19-январында Чоң-Алай районунунда Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулган АгроЗооВет–2026 окуу караванынын алкагында окутуу семинары өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — айыл чарба тармагында иш алып барган кызматкерлердин, дыйкан-фермерлердин билим деңгээлин жогорулатуу, заманбап агротехнологияларды жайылтуу жана тармактагы актуалдуу маселелер боюнча маалымат берүү болуп саналат. Семинарга Чоң-Алай райондук […]

ЖАҢЫДАН ДАЙЫНДОО

Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Жайчибеков Тайирбек Аскарович 2026-жылдын 13-январындагы өз каалоосу менен жумуштан кетүү жөнүндөгү арызынын негизинде, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 14-январындагы №ӨК1 сандуу буйругуна ылайык, Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордунан бошотулду. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 53-беренесинин 1-бөлүмүнүн жана Кыргыз Республикасынын […]

АППАРАТТЫК ЖЫЙЫН БОЛУП ӨТТҮ

Бүгүн Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясында жаңырган жылга карата кезектеги аппараттык жыйын өткөрүлдү. Жыйынды Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов жетектеп, ага мекеме-уюмдардын жетекчилери, түзүмдүк бөлүм башчылары жана тиешелүү кызмат өкүлдөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө өткөн жылдын жыйынтыктары талданып, социалдык-экономикалык багыттагы аткарылып жаткан иштер, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапаты, тартип жана мыйзамдуулук маселелери каралды. Ошондой эле билим […]

“САБАТТУУ ЖАЗУУ” ӨНӨКТҮГҮ

Бүгүн Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында мекеме жетекчилеринен, мектеп директорлорунан жана мектепке чейинки билим берүү уюму мекемелеринин жетекчилеринен жат жазуу алынды. Жат жазуу 2023-жылдын 17-июлундагы №140 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамына жана КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 29.10.2025-жылдагы чыгуу №44-32 сандуу протоколдук тапшырмасына ылайык алынды. Чоң-Алай райондук […]

ПАМИРЛИК КЫРГЫЗДАРДЫ ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК КУТТУКТОО

Бүгүн Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Б.Бакыбеков Кашка-Суу Айыл Өкмөтүнүн Бурган-Суу айылында жашап жаткан Памирлик кыргыздарга барып, аларды Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын атынан Жаңы жыл майрамдары менен куттуктады. Куттуктоо учурунда акимдин орун басары жыл жыйынтыгы менен куттуктап, келе жаткан жаңы жыл тынчтыкты, биримдикти, бакубат турмушту жана мол ырыскыны алып келүүсүн каалады. Ошондой эле […]

ГАРНИЗОНДУК САПТЫК КАРОО БОЛУП ӨТТҮ

Бүгүн, жаңы жылдык майрамдардын алдында Чоң-Алай районунда укук коргоо органдарынын гарнизондук саптык кароосу болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККБнын башчысы милициянын полковниги Н.С.Жаанбаев, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары А.Абдирашитов, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы З.Сарыков, райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жана башка күч түзүмдөрүнүн өздүк курамы катышты. Саптык кароонун жүрүшүндө кызматкерлердин кызматтык […]

ОКУУНУН АЛДЫҢКЫЛАРЫ

Бүгүн Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Б.Бакыбеков сынамык тесттен жогорку жыйынтык көрсөткөн окуучуларды кабыл алды. Кабыл алууда билимге болгон умтулуусу жана тынымсыз эмгеги менен айырмаланган окуучулардын жетишкендиктери белгиленип, аларга ак батасын берип, мындан аркы ийгиликтерди каалады. Чоң-Алай районундагы SBS окуу борборунда жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) даярдануу курсунда окуп жаткан 11-классынын окуучуларынын ичинен Сынамык […]