Бүгүн 22-декабрь — Энергетика күнү жана энергетика тармагынын түптөлгөндүгүнүн 91 жылдык мааракеси белгиленди.
Энергетиктердин кесиптик майрамына карата райондо салтанаттуу иш-чара уюштурулуп, энергетика тармагында үзүрлүү эмгектенип, өз милдетин жоопкерчилик менен аткарып келген алдыңкы кызматкерлер сыйланды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын талыкпаган эмгеги элдин турмушунда өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Айрыкча кышкы мезгилде калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууда энергетиктердин салымы чоң экенин баса белгилеп өттү.
Жыйынтыгында өз ишине берилгендиги, жогорку кесипкөйлүгү жана жоопкерчиликтүү эмгеги үчүн бир катар алдыңкы энергетиктерге аким жана айыл өкмөт башчылары тарабынан Ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар тапшырылды.
Энергетиктер — жарык жашоонун тиреги. Бардык энергетиктерге чың ден соолук, ийгиликтерди жана коопсуз эмгек каалайбыз!
–––––·–·–––––––––––––––––––––––––
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы





