Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

АКИМДИН БАЛАТЫСЫ

Райондо акимдин салттуу Жаңы жылдык балатысы жогорку деңгээлде өттү.

Бул майрамдык иш-чарага Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов орун басары Б.Бакыбеков жана айыл өкмөт башчылары менен катышты. Иш-чара балдардын жүзүнө кубаныч, жүрөгүнө үмүт тартуулап, унутулгус көз ирмемдер менен коштолду.

Акимдин балатысына райондун бардык аймактарынан келген социалдык жактан колдоого муктаж, мыкты окуган жана таланттуу балдар катышты. Майрамдык программада шаңдуу ыр-бийлер, кызыктуу оюндар, жомок каармандарынын катышуусундагы сахналык көрүнүштөр тартууланып, балдар чогуу бийлеп, Жаңы жылдык маанайга толду.

Иш-чаранын жүрүшүндө аким балдарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, ар бир балага бекем ден соолук, ийгилик, тынчтык жана жарык келечек каалады. Ошондой эле балдарга Жаңы жылдык белектер тапшырылды.

Мындан тышкары, Айыл Банк жана Элдик Банктын кызматкерлери да иш-чарага активдүү катышып, балдарга белектерди тапшырып, майрамдык маанайдын дагы да жандуу болушуна салым кошушту.

Акимдин балатысы — бул балдарга камкордук көрүүнүн, коомдун биримдигин жана демөөрчүлүктү даңазалаган, Жаңы жылдын кубанычын тартуулаган өзгөчө майрам катары эсте калды. 🎄✨

–––––––––––––––––––––––––––––––––

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы

Окшош билдирүүлөр

Кыргыз Республикасында санариптик инфраструктурасы бар ТЭЦ куруу боюнча МЖӨ долбооруна кол коюлду

2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имаратында «Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук

Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен ЖЭБдин энергоблогун куруу боюнча МЖӨ долбоорунун конкурсунун жеңүүчүсү жарыяланды

«Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук электр станциясын куруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорун ишке ашыруунун алкагында жеке