Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

Сыймыктуу жыйынтык!

Кыргыз Республикасынын Президентинин 18.12.2024-жылдагы №369

«Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө Жарлыгынын негизинде,

жарандык жоопкерчиликти, үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды чыңдоо,

эмгекчил жана үлгүлүү жарандарды даңазалоо, коомдо ынтымакты жана биримдикти бекемдөө максатында өткөрүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында Кашка-Суу айыл аймагы боюнча төмөнкү номинациялар ыйгарылды:

🏆 «Үлгүлүү айыл»

📍 Жайылма айылы;

🏆 «Үлгүлүү аксакал»

📍 Жайылма айылынын тургуну — Мурзамидинов Бусурманкул.

🏆 «Үлгүлүү байбиче»

📍 Ачык-Суу айылынын тургуну — Бекташева Рабия;

🏆 «Нарктуу келин»

📍 Кашка-Суу айылынын тургуну — Каримбекова Феруза;

🏆 «Үлгүлүү үй-бүлө»

— Кара-Кабак айылы. Мурзаканов Дуйшобай Колчокова Батма;

🏆 «Мыкты ата»

📍 Кабык айылынын тургуну — Момунов Асат;

🏆 «Үлгүлүү жамаат»

📍 Чоң-Алай райондук А.Молдополотов атындагы ЖДПБ нун Кашка-Суу филиалынын даарыгерлер жамааты;

🏆“Мыкты ишкана” “Кыргыз-Чех Суу Компаниясы” ишканасы.

📍Кашка-Суу айылы.

Бул сыйлыктар — коомдогу биримдиктин, ынтымактын, эмгекчилдиктин жана улуттук баалуулуктардын даңазаланышы.

Бардык сыйлык ээлерин чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Ийгиликтер улана берсин!!

————————————————-

Кашка-Суу айыл өкмөтү.

Окшош билдирүүлөр

Кыргыз Республикасында санариптик инфраструктурасы бар ТЭЦ куруу боюнча МЖӨ долбооруна кол коюлду

2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имаратында «Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук

Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен ЖЭБдин энергоблогун куруу боюнча МЖӨ долбоорунун конкурсунун жеңүүчүсү жарыяланды

«Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук электр станциясын куруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорун ишке ашыруунун алкагында жеке