Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

УКУК БУЗУУЛАРДЫ АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА КООРДИНАЦИЯЛЫК КОМИССИЯНЫН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

Бүгүн Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында координациялык комиссиянын жыйыны болуп өттү. Жыйынды Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары, координациялык комиссиянын төрагасы Б.Бакыбеков алып барды. Жыйынга райондук прокурор А.Сыдыков, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын Чоң-Алай райондук бөлүмүнүн өкүлү А.Таштанов, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы З.Сарыков жана тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө төмөнкү негизги маселелер каралды:

1️⃣ 2025-жыл ичинде райондун аймагында катталган үй-бүлөлүк зомбулук учурлары жана Кыргыз Республикасынын «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» 2017-жылдын 27-апрелиндеги №63 Мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча маалымат угулду. Бул багытта алдын алуу иштерин күчөтүү, жабырлануучуларга көрсөтүлүүчү социалдык жана укуктук жардамды жакшыртуу боюнча сунуштар берилди.

2️⃣ Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин талаптарынын аткарылышы жана райондун аймагындагы укук бузуулардын жалпы абалы талданды. Укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан профилактикалык иш-чаралар, аныкталган кемчиликтер жана аларды жоюу жолдору талкууланды.

3️⃣ Терроризмге жана экстремизмге каршы 2025-жылы жүргүзүлгөн иштер жана бул багыттагы көйгөйлөр боюнча маселелер каралды. Коомчулук менен иш алып баруу, түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана коопсуздук чараларын мындан ары да бекемдөө зарылдыгы белгиленди.

Күн тартибиндеги 1-2-маселелер боюнча Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары С.Темиров, 3-маселе боюнча Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн улук ыкчам өкүлү И.Көчкөнов баяндама жасады

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мекемелерге конкреттүү тапшырмалар берилип, укук бузуулардын алдын алуу боюнча өз ара кызматташууну күчөтүү чечими кабыл алынды.

––––––––––––––––––––·––––––––––

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы

Окшош билдирүүлөр

Кыргыз Республикасында санариптик инфраструктурасы бар ТЭЦ куруу боюнча МЖӨ долбооруна кол коюлду

2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имаратында «Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук

Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен ЖЭБдин энергоблогун куруу боюнча МЖӨ долбоорунун конкурсунун жеңүүчүсү жарыяланды

«Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук электр станциясын куруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорун ишке ашыруунун алкагында жеке