Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

АГРОЗООВЕТ – 2026 ОКУУ КАРАВАНЫ

2026-жылдын 19-январында Чоң-Алай районунунда Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулган АгроЗооВет–2026 окуу караванынын алкагында окутуу семинары өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты — айыл чарба тармагында иш алып барган кызматкерлердин, дыйкан-фермерлердин билим деңгээлин жогорулатуу, заманбап агротехнологияларды жайылтуу жана тармактагы актуалдуу маселелер боюнча маалымат берүү болуп саналат.

Семинарга Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким

М.Т.Шамырканов, ошондой эле АгроЗооВет–2026 окуусун өткөрүүнү уюштурган Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин мал чарбасы, ветеринария, жайыт жана тоют башкармалыгынын башчысы У. Мырзакматов жетектеген жумушчу топ катышты.

Мындан тышкары, иш-чарага райондун айыл аймактарынын башчылары, жер адистери, министрликтин аймактык түзүмдөрүнүн кызматкерлери, мамлекеттик банктардын жетекчилери, райондун аймагында ишке ашырылып жаткан “30+20+10” долбооруна кирген айыл чарба кооперативдеринин, фермердик чарбалардын жана кайра иштетүүчү ишканалардын жетекчилери, ошондой эле башка кызыкдар тараптар чакырылды.

Семинардын жүрүшүндө райондун айыл чарбасын өнүктүрүү, мал чарбачылыгы, ветеринария, тоют базасын жакшыртуу, каржылоо мүмкүнчүлүктөрү жана мамлекеттик колдоолор боюнча баяндамалар жасалды.

––––––––––––––––––––––––––––––––

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы

Окшош билдирүүлөр

Кыргыз Республикасында санариптик инфраструктурасы бар ТЭЦ куруу боюнча МЖӨ долбооруна кол коюлду

2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имаратында «Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук

Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен ЖЭБдин энергоблогун куруу боюнча МЖӨ долбоорунун конкурсунун жеңүүчүсү жарыяланды

«Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук электр станциясын куруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорун ишке ашыруунун алкагында жеке