Бүгүн, жаңы жылдык майрамдардын алдында Чоң-Алай районунда укук коргоо органдарынын гарнизондук саптык кароосу болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККБнын башчысы милициянын полковниги Н.С.Жаанбаев, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары А.Абдирашитов, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы З.Сарыков, райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жана башка күч түзүмдөрүнүн өздүк курамы катышты.
Саптык кароонун жүрүшүндө кызматкерлердин кызматтык формалары, атайын техникалары жана майрам күндөрү аткарыла турган кызматтык милдеттери текшерилди.
Коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча так тапшырмалар берилди.
Район жетекчилиги жаңы жылдык майрамдар маалында укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте иш алып барарын белгилеп, жарандарды мыйзамдарды так сактоого, коомдук тартипти бузбоого жана коопсуздук чараларына олуттуу көңүл бурууга чакырды.
Белгилей кетсек, жаңы жылдык майрамдарда Чоң-Алай районунун аймагында жүздөгөн кызматкерлер элдин тынчтыгын жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн күнү-түнү кызмат өтөшөт.
Милиция кызматкерлери жана башка күч түзүмдөрү майрам күндөрү коомдук коопсуздукту камсыз кылууга толук даяр.
––––––––––––––––––––
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы







