Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ

Бүгүн 1-июлда Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов 2024-2025-бүтүрүү окуу жылындагы жалпы республикалык тестирлөөдөн Чоң-Алай районунан жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдү кабыл алды. Чоң-Алай району боюнча эң жогорку 209 балл алган “Кыргызстан” орто мектебинин 11-классынын бүтүрүүчүсү Маматысакова Бүбүсара Эркинбаевнага Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын атынан акчалай сыйлык жана ыраазычылык баракчасын тапшырды. Андан кийинки жогорку балл алган төмөндөгү […]

УКУК БУЗУУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ

Бүгүн 25-июнда Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын алдында Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын отуруму болуп өттү. Аталган отурум Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Б.Бакыбековдун төрагалыгы алдында Чоң-Алай районунун прокурору А.Сыдыков, Чоң-Алай райондук сотунун төрагасы А.Бекбулатов ошондой эле, тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда болду. Күн тартибинде “2025-жылдын 6 ай ичинде Чоң-Алай районунда укук […]

“ALAY KUP 2025”

Кыргыз спортунун 100 жылдыгына жана Таэквон-донун түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына карата Алай районунда болуп өткөн “ALAY KUP 2025” турниринде Чоң-Алай районунан барган балдар Спарринг 10,11,12 жаштар арасындагы мелдеште I, II, III орунду камсыздап келишти. Бүгүн 25-июнда Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов жеңишке жеткен балдарды кабыл алып, спорттук мелдештерге жана машыгууларга катышуу ден соолукту чыңдоо, бош […]

АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ 1-ИЮЛДАН ТОКТОЙТ

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндөгү” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү 28.05.2025-жылдагы №284 токтомуна ылайык арыздарды кабыл алуу 2025-жылдын 1-июлунан токтотуларын жарыялайбыз. Андыктан жогорудагы мыйзам актыларынын талаптарына туура келген “өзүм билемдик менен курулган же […]

ОСАГО 1-ИЮЛГА ЧЕЙИН КАМСЫЗДАНДЫРУУДАН ӨТҮҢҮЗ!

ОСАГО — бул автотранспорт каражатынын ээси башка адамдарга же алардын мүлкүнө зыян келтирип койсо, ошол чыгымдарды камсыздандыруу аркылуу жабууга арналган милдеттүү камсыздандыруу түрү. ОСАГО эмнени камтыйт? Жол кырсыгынан улам жабыркаган адамдардын дарылануусуна кеткен чыгымдар; Башка айдоочунун автоунаасына же мүлкүнө келтирилген зыян; Үчүнчү жактардын ден соолугуна келтирилген зыян. Эмнеге ОСАГО керек? Жол кырсыгы болгондо чыгымдар камсыздандыруу […]

“ЗОМБУЛУКСУЗ ҮЙ БҮЛӨ”

Бүгүн, 13-июнда Чоң-Алай районунда “Зомбулуксуз үй-бүлө” аталышындагы иш-чара өттү. Иш-чарага Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары А.Абдирашитов баштаган укук коргоо органдарынын жана мекеме-ишканалардын жетекчилери кызматкерлери менен ошондой эле, жарандык коомдун активдүү мүчөлөрү катышты. Иш-чара атайын кызматтардын техникалары менен коштолгон жөө жүрүш менен башталып, сахналаштырылган көрүнүштөр, концерттик программа менен коштолду. Иш-чаранын максаты — үй-бүлөлүк […]

ӨНДҮРҮШ БАГЫТЫНДАГЫ ОБЪЕКТ АЧЫЛДЫ

Бүгүн, 25-декабрь — жаңы жыл алдында, Чоң-Алай районунда IV Элдик курултайдын биринчи күнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда ачылган объектилердин ичинде Чоң-Алай районунда өндүрүш багытындагы 1 объект, б.а. Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айыл аймагында жайгашкан муниципалдык мал союучу жай онлайн форматта ачылып, пайдаланууга берилди. Курулуш иши 2025-жылдын июнь айында башталып, декабрь айында аяктаган. Долбоордун жалпы […]