Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

ОСАГО 1-ИЮЛГА ЧЕЙИН КАМСЫЗДАНДЫРУУДАН ӨТҮҢҮЗ!

ОСАГО — бул автотранспорт каражатынын ээси башка адамдарга же алардын мүлкүнө зыян келтирип койсо, ошол чыгымдарды камсыздандыруу аркылуу жабууга арналган милдеттүү камсыздандыруу түрү.

📌 ОСАГО эмнени камтыйт?

✅ Жол кырсыгынан улам жабыркаган адамдардын дарылануусуна кеткен чыгымдар; ✅ Башка айдоочунун автоунаасына же мүлкүнө келтирилген зыян;

✅ Үчүнчү жактардын ден соолугуна келтирилген зыян.

📌 Эмнеге ОСАГО керек?

✅ Жол кырсыгы болгондо чыгымдар камсыздандыруу аркылуу жабылат;

✅ Финансылык жоопкерчиликти жеңилдетет.

ОСАГО – унааларды камсыздандыруу бул биринчи адамдын өзүнө пайдалуу. Бир жылга камсыздандыруунун баасы унаанын көлөмү жана жылына жараша 1680 сомдон башталат.

Эч ким кырсыктабасын, кокустук болуп кетсе, камсыздандырылган учурда:

1. Унаа кырсыгында адам өлүмү менен коштолсо, курмандык башына 300 миң сомдон берилет.

2. Ден-соолук жабыркаса – 200 миң сомго чейин төлөнөт.

3. Ал эми унаанын алган чыгымына карап, 150 миң сомго чейин чыгымдын орду толтурулат.

ОСАГО полисин өз убагында жаңылап туруу керек. Жол коопсуздугу – баарыбыздын жоопкерчилигибиз!

📌 Камсыздандыруу — күтүлбөгөн кырдаалдарда сиздин коргоочу калканыңыз.

–––––––––––––––––––––––––––––––––

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы

Окшош билдирүүлөр

Кыргыз Республикасында санариптик инфраструктурасы бар ТЭЦ куруу боюнча МЖӨ долбооруна кол коюлду

2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имаратында «Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук

Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен ЖЭБдин энергоблогун куруу боюнча МЖӨ долбоорунун конкурсунун жеңүүчүсү жарыяланды

«Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук электр станциясын куруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорун ишке ашыруунун алкагында жеке