Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

УКУК БУЗУУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ

Бүгүн 25-июнда Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын алдында Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын отуруму болуп өттү.

Аталган отурум Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Б.Бакыбековдун төрагалыгы алдында Чоң-Алай районунун прокурору А.Сыдыков, Чоң-Алай райондук сотунун төрагасы А.Бекбулатов ошондой эле, тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда болду.

Күн тартибинде “2025-жылдын 6 ай ичинде Чоң-Алай районунда укук бузуулардын алдын алуунун абалы жөнүндө” маселе каралып, аталган маселе боюнча Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары С.Темиров маалымат берди. Андан соң, отурумдун катышуучулары тарабынан аталган маселе боюнча кеңири талкуулар болду жана координациялык комиссиянын чечими кабыл алынды.

––––––––––––––––––––

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы

Окшош билдирүүлөр

Коррупцияга каршы маалымдуулук деңгээлин аныктоо боюнча анонимдүү сурамжылоо!

Кыргыз Республикасында коррупциянын алдын алуу боюнча калктын маалымдуулук деңгээлин изилдөө жана мамлекеттик антикоррупциялык саясатты өркүндөтүү максатында онлайн-сурамжылоо жүргүзүлүүдө. Сиздин пикириңиз

Кыргыз Республикасында санариптик инфраструктурасы бар ТЭЦ куруу боюнча МЖӨ долбооруна кол коюлду

2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имаратында «Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук