Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

“ALAY KUP 2025”

Кыргыз спортунун 100 жылдыгына жана Таэквон-донун түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына карата Алай районунда болуп өткөн “ALAY KUP 2025” турниринде Чоң-Алай районунан барган балдар Спарринг 10,11,12 жаштар арасындагы мелдеште I, II, III орунду камсыздап келишти.

Бүгүн 25-июнда Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов жеңишке жеткен балдарды кабыл алып, спорттук мелдештерге жана машыгууларга катышуу ден соолукту чыңдоо, бош убакытты максаттуу пайдалануунун эң мыкты шарттарынын бири экенин баса белгилеп, машыктыруучусу М.Жанаевге ыраазычылык билдирүү менен бирге, балдарга Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын баалуу белектерин тапшырды.

–––––––––––––––––––-

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы

Окшош билдирүүлөр

Коррупцияга каршы маалымдуулук деңгээлин аныктоо боюнча анонимдүү сурамжылоо!

Кыргыз Республикасында коррупциянын алдын алуу боюнча калктын маалымдуулук деңгээлин изилдөө жана мамлекеттик антикоррупциялык саясатты өркүндөтүү максатында онлайн-сурамжылоо жүргүзүлүүдө. Сиздин пикириңиз

Кыргыз Республикасында санариптик инфраструктурасы бар ТЭЦ куруу боюнча МЖӨ долбооруна кол коюлду

2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имаратында «Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук