Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

Кыргыз Республикасында санариптик инфраструктурасы бар ТЭЦ куруу боюнча МЖӨ долбооруна кол коюлду

2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имаратында «Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук электр станциясын куруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоору боюнча Макулдашууга кол коюу аземи өттү.

Макулдашуунун тараптары катары жеке өнөктөш – «Вольт Хаш Кей Джи» ЖЧКсы жана мамлекеттик өнөктөш – Ош облусунун Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы катышты.

Долбоор Кыргыз Республикасынын энергетикалык жана санариптик инфраструктурасын өнүктүрүүгө, түз инвестицияларды тартууга, ошондой эле Ош облусунун Чоң-Алай районунун туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө шарт түзүүгө багытталган.

Долбоорду ишке ашыруунун алкагында заманбап санариптик инфраструктураны жайгаштыруу жана андан ары энергетикалык кубаттуулуктарды кеңейтүү келечеги менен кубаттуулугу 10–20 МВт болгон жылуулук электр станциясынын сыноочу энергоблогун куруу каралууда. Жеке өнөктөш тарабынан тартыла турган инвестициянын жалпы көлөмү кем эмес 15 миллион АКШ долларын түзөт.

Долбоорду турмушка ашыруу аймак жана жалпы өлкө үчүн бир катар стратегиялык маанилүү натыйжаларды камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Биринчиден, долбоор энергетикалык кубаттуулуктардын кошумча булагы болуп калат, бул энергетика тутумунун туруктуулугун чыңдоого жана андан аркы өнөр жайлык, санариптик өнүгүү үчүн негиз түзүүгө өбөлгө түзөт. Электр энергиясына болгон суроо-талап өсүп жаткан шартта, жаңы генерациялоочу объекттерди өнүктүрүү туруктуулукту жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууда өзгөчө мааниге ээ.

Экинчи маанилүү багыт — аймакта жаңы жумуш орундарын түзүү жана экономикалык активдүүлүктү кеңейтүү. Долбоор жергиликтүү калкты иш менен камсыз кылууну, чектеш инфраструктураны өнүктүрүүнү, ошондой эле бизнес жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү карайт. Бул райондун инвестициялык жагымдуулугун арттырып, аймактын узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө шарт түзөт.

Долбоордун социалдык курамдык бөлүгү өзгөчө мааниге ээ. Макулдашуунун шарттарына ылайык, өндүрүлгөн электр энергиясынын бир бөлүгү жергиликтүү районго электр энергиясы түрүндө акысыз берилип турат. Мындай механизм аймактын социалдык жана инфраструктуралык чөйрөсүн өнүктүрүүгө кошумча колдоо көрсөтөт.

МЖӨ борбору заманбап технологияларды киргизүүгө, туруктуу инфраструктураны өнүктүрүүгө жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган демилгелерди ырааттуу түрдө колдоп келет. Бул макулдашууга кол коюу МЖӨ чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу милдеттерди аткаруунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын энергетикалык жана санариптик потенциалын чыңдоонун кезектеги кадамы болуп саналат.

Сунушталып жаткан МЖӨ долбоору Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районунда кубаттуулугу 10-20 МВт болгон, кийинчерээк кубаттуулугун 200 МВт чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар заманбап сыноочу жылуулук электр станциясын курууну карайт. Ал көмүр же «таза» чыпкалары бар айкалышкан технологиянын негизиндеги комбинацияланган циклде иштейт. Ошондой эле улуттук тармакка интеграциялоо үчүн санариптик инфраструктураны жана мониторинг тутумун түзүүнү камтыйт. Бул түштүк аймакты туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга, импортко болгон көз карандылыкты азайтууга жана туризм менен жергиликтүү экономиканын өнүгүшүн колдоого мүмкүндүк берет.

Жылуулук электр станциясынын базасында санариптик инфраструктураны (маалыматтарды иштеп чыгуу борборун (дата-борбор) жана диспетчердик борборду) жайгаштыруу — энергияны көп талап кылган санариптик объекттерди туруктуу жана алдын ала болжолдонгон энергия менен камсыздоо зарылчылыгына байланыштуу. Ошондой эле санариптик кызматтардын маневрлүү генерация булактарынан жогорку көз карандылыгы, өлкөнүн түштүк жана бийик тоолуу райондорунда санариптик инфраструктуранын чектелүү өнүгүшү, ошондой эле табигый муздатууну колдонууга жана эксплуатациялык чыгымдарды азайтууга мүмкүндүк берген бийик тоолуу аймактын жагымдуу климаттык шарттары эске алынган.

Макулдашууга кол коюлушу тараптардын инфраструктуранын сапатын жогорулатууга, аймактарды өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган узак мөөнөттүү инвестициялык демилгелерди ишке ашырууга кызыкдарлыгын тастыктайт.

Окшош билдирүүлөр

Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен ЖЭБдин энергоблогун куруу боюнча МЖӨ долбоорунун конкурсунун жеңүүчүсү жарыяланды

«Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук электр станциясын куруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорун ишке ашыруунун алкагында жеке

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ

2025-2030-жылдарга түзүлгөн Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча бекитилген иш-чаралар планына ылайык, 9 декабрь Коррупцияга