ИШКЕРЛЕРДИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ БОЮНЧА ОТУРУМ

Бүгүн, Чоң-Алай районунун прокуратурасы тарабынан Чон-Алай районунун аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жеке ишкерлерге Кыргыз Республикасынын “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын “Ишкердиктин субьектилерин текшерүүлөрдү каттоо” автоматташтырылган маалыматтык системасы жана “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемеси боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемеси көчүрүлүп берилди. Отурумда ишкерлерге мыйзамдын талаптары түшүндүрүлүп, “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемесинин […]
УКУК БУЗУУЛАРДЫ АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА КООРДИНАЦИЯЛЫК КОМИССИЯНЫН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

Бүгүн Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында координациялык комиссиянын жыйыны болуп өттү. Жыйынды Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары, координациялык комиссиянын төрагасы Б.Бакыбеков алып барды. Жыйынга райондук прокурор А.Сыдыков, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын Чоң-Алай райондук бөлүмүнүн өкүлү А.Таштанов, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы З.Сарыков жана тиешелүү мекеме […]