Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү түшүндүрүүгө багытталган жыйын болуп өттү.

Бүгүн, Чон-Алай райондук мамлекеттик администрациясында “КР Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү түшүндүрүүгө багытталган жыйын болуп өттү. Жыйынга Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.Г. Бекматов тарабынан мыйзамдагы өзгөртүүлөр боюнча кеңири маалымат берилди. Жыйын район жетекчилигинин, айыл өкмөт башчыларынын, мектеп директорлорунун, айыл башчылар менен мамлекеттик мекеме жана уюм өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. […]