КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭГЕМЕНДҮҮЛҮГҮНӨ 34 ЖЫЛ

Бүгүн Чоң-Алай районунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 34 жылдыгы белгиленди. Иш-чараны Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов ачып, район тургундарын жана конокторун бүгүнкү майрамы менен куттуктады. М.Шамырканов өз сөзүндө, Эгемендүүлүк – ата-бабаларыбыздын ак канаты, эркиндик үчүн күрөшкөн бабалардын аманаты экенин баса белгилеп, биздин милдет – ушул эркиндикти көздүн карегиндей сактап, мекенибизди өнүктүрүү, келечек муундар үчүн […]