Бүгүн, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 17-июлундагы чыгуу №0137 сандуу “Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 27-июнундагы №52-176 буйругун аткарууга алуу жөнүндө” буйругуна ылайык түзүлгөн, Чоң-Алай районуна караштуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссия курамынын отуруму болуп өттү.
Отурумга Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов, райондун прокурору А.Сыдыков, акимдин биринчи орун басары А.Абдирашитов, орун басар Б.Бакыбеков, аппарат жетекчи З.Шакиров жана тиешелүү комиссия мүчөлөрү катышты.
Күн тартибиндеги маселелер боюнча райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы З.Сарыков, райондук ички иштер бөлүмүнүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн башчысы Н. Мансуридинов доклад жасашып, айрым суроолор боюнча кеңири талкуу болду.
Отурумдун жыйынтыгы менен укук бузууларды алдын алуу боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу боюнча чечимдер кабыл алынды.
––––––––––––––––––
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы





