ЖОЛ КЫЙМЫЛЫНЫН КООПСУЗДУГУ

Бүгүн, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 17-июлундагы чыгуу №0137 сандуу “Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 27-июнундагы №52-176 буйругун аткарууга алуу жөнүндө” буйругуна ылайык түзүлгөн, Чоң-Алай районуна караштуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссия курамынын отуруму болуп өттү. Отурумга Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шамырканов, райондун прокурору А.Сыдыков, акимдин биринчи орун басары […]