Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

ТАЗАЛЫК – ДЕН СООЛУКТУН БАШАТЫ!

Бүгүн Чоң-Алай районунун аймагында жалпы ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликке айыл өкмөт башчылары, кызматкерлери, мекеме-ишканалардын жетекчилери баш болгон кызматкерлери тартылып, негизги жолдун жээктери, мекеме-ишканалардын айланалары таштандыдан тазаланды. Урматтуу мекендештер! Тазалык – ар бирибиздин күнүмдүк жашообуздун маданияты жана жоопкерчилиги. Ар бир адам өз айланасын таза кармаса, коомубузда да, айлана-чөйрөбүздө да тартип жана жарашык болот. Таштандыны белгиленген жайга таштайлы; […]

ЖЕТИШПЕГЕН ДАРЫГЕРЛЕР МЕНЕН КАМСЫЗДОО

Саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү, калкка сапаттуу медициналык тейлөө көрсөтүү жана Чоң-Алай районундагы жетишпеген дарыгерлерди камсыздоо максатында 6 (алты) студенттин окуу акысын төлөп берүү иштери колго алынды. Бүгүнкү күндө Чоң-Алай районунда 6 (алты) дарыгер жетишпейт. Алардын ордун камсыздоо үчүн Ош мамлекеттик университетинин Медицина факультетинде дарылоо иши багытында билим алып жаткан 5 (беш) студенттин жана И.К.Ахунбаев атындагы […]