Чоң-Алай райондук мамлекеттик архивинин башчысы Калыков Мухамматжан Курбанбаевич өзүнүн арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматынын 2025-жылдын 29-июлундагы №120 л/с буйругунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 20-24-беренелерине ылайык, Жанибеков Мирбек Төлөгөнович Архив кызматынын Ош региондук башкармалыгынын Чоң-Алай райондук мамлекеттик архивинин башчысы кызмат ордуна дайындалды.
Жанибеков Мирбек Төлөгөнович 1988-жылдын 15-октябрында Чоң-Алай районунун Чак айылында туулган.
Билими:
2006-2011-жылдары ОшМУнун «Табият таануу жана география» факультетинин күндүзгү бөлүмүн бүтүргөн.
“Колдонмо геодезия” адистиги боюнча инженер.
Иш тажрыйбасы:
2014-жылдын 20-декабрынан бери Чоң-Алай райондук мамлекеттик архивинин жетектөөчү архивисти болуп эмгектенип келген.
––––––––––––––––––––
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы






