ЖАҢЫДАН ДАЙЫНДОО

Чоң-Алай райондук мамлекеттик архивинин башчысы Калыков Мухамматжан Курбанбаевич өзүнүн арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматынын 2025-жылдын 29-июлундагы №120 л/с буйругунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 20-24-беренелерине ылайык, Жанибеков Мирбек Төлөгөнович Архив кызматынын Ош региондук башкармалыгынын Чоң-Алай райондук мамлекеттик архивинин башчысы кызмат ордуна дайындалды. Жанибеков […]