Бүгүн Чоң-Алай районунун аймагында жалпы ишембилик өткөрүлдү.
Ишембиликке айыл өкмөт башчылары, кызматкерлери, мекеме-ишканалардын жетекчилери баш болгон кызматкерлери тартылып, негизги жолдун жээктери, мекеме-ишканалардын айланалары таштандыдан тазаланды.
Урматтуу мекендештер!
Тазалык – ар бирибиздин күнүмдүк жашообуздун маданияты жана жоопкерчилиги. Ар бир адам өз айланасын таза кармаса, коомубузда да, айлана-чөйрөбүздө да тартип жана жарашык болот.
Таштандыны белгиленген жайга таштайлы;
Коомдук жайларды таза сактайлы;
Балдарыбызды тазалыкка жана тартипке тарбиялайлы.
Келиңиздер, чогуу аракет кылып, айылыбызды/районубузду таза, көркөмдүү жана кооз кылалы!!!
Бүгүнкү ишембиликке активдүү катышкандарга Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы ыраазычылык билдирет!
––––––––––––––––––––
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы






