Чоң-Алай

райондук мамлекттик администрациясы

ЗОМБУЛУКСУЗ КООМ – БАЛДАР ҮЧҮН КООПСУЗ КЕЛЕЧЕК

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы №60 “Укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде, райондук ички иштер бөлүмүнүн Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте түзгөн иш планына ылайык, бүгүн Чоң-Алай районунда “Зомбулуксуз коом – балдар үчүн коопсуз келечек” аттуу форум болуп өттү.

Форумга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекеме ишканалардын жетекчилери, мектеп директорлору жана жергиликтүү тургундар катышты.

Форум Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн 2025-жылдын 9 айында аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы З.Сарыковдун берген маалыматы менен башталды.

Андан соң, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары А.Абдирашитов өз сөзүндө форумдун катышуучуларын жана жаш муунду бүгүнкү иш-чарага активдүү катышууга чакыруу менен бирге, зомбулуксуз коом түзүү – ар бирибиздин жоопкерчилигибиз экенин үй-бүлөдө, мектепте, көчөдө, коомдун ар бир бурчунда балдарга камкордук көрүп, аларды коргоо – адамгерчиликтин, ата-энелик милдеттин, мамлекеттик маанидеги иштин негизги багыты экенине токтолуп өттү.

Форумдун жүрүшүндө райондук Баш-Имам-Хатиб А.Анапияев да сөзгө чыгып, жаш муунду зомбулуктан сактоо, аларга билим берүүнү жана тарбиялоону туура жолго коюу менен биз коопсуз, адилеттүү жана жаркын келечекти курууга үлүшүбүздү кошо турганыбызга токтолуп өттү.

Форум райондук маданият бөлүмүнүн концерттик программасы менен коштолуп, иш-чарага активдүү катышкан кызматкерлерге райондук ички иштер бөлүмүнүн Ардак грамоталарын берүү менен жыйынтыкталды

–––––––––––––––––––––

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы

Окшош билдирүүлөр

Кыргыз Республикасында санариптик инфраструктурасы бар ТЭЦ куруу боюнча МЖӨ долбооруна кол коюлду

2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имаратында «Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук

Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен ЖЭБдин энергоблогун куруу боюнча МЖӨ долбоорунун конкурсунун жеңүүчүсү жарыяланды

«Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук электр станциясын куруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорун ишке ашыруунун алкагында жеке